www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы “АК-кыймылынын лидери  Максат Чакиев, КР Президенти Сооронбай Жээнбековго КАЙРЫЛУУ жазды

КАЙРЫЛУУну толугу мененокурмандарга сунуштайбыз:

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Ш. Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди терең урматтоо менен “АК” кыймылынын мүчөлөрү Сизге төмөнкү өтүнүч менен кайрылат. 

24-апрелде Бишкек шаарында аба-ырайынын кескин түрдө өзгөрүлүп, шамал болуп, Бишкек калаабыздын ортосундагы Кыргыз Республикасынын негизги байрагы кечки 19-30 чамаларында жерге кулап түшкөн. Байрактын кулашы Кыргыз коомчулугу арасында жана интернет социалдык тармактарында туура эмес талкууланып жана жоорулуп баштады. Ушул терс окуяны угаар замат, биздин жараныбыз Азамат Жаналиев деген Кыргыз жигити өзүнүн байрагын алып, түнү менен, тагыраак айтканда кечки 24-00 дөн  таңкы 05-30 га чейин, нөшөрлөгөн жамгырдын астында, Ала-Тоо аянтындагы желек мамысынын (флагшток) жанында тууну көтөрүп турду. Бул кадамдын негизги максаты – Кыргыз мамлекети туусуз калбасын, кыргыз эли жана жарандарында чочулоо болбосун деген үмүттө болгон.

“Ак”-кыймыл мүчөлөрү бул кадамды атуулдук (патриоттук) нукта болгон чоңчечкиндик иш катары кабыл алат. Себеби мындай кадамдар биздин жарандарда жана жаш муундарда мекенчилдик сезимдерди ойготуу жана мекенди сүйүүгө тарбиялоого чакырат жана жүрөктөрүнө атуулдук сезимди калыптантат.

Ушул чечимдердин артынан, Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге Ак-кыймыл мүчөлөрү Азамат Жаналиевге мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга кайрылат.

 

Терең урматтоо менен,

АК-кыймылынын лидери                                   М. Чакиев

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости