www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө бир тааныш келин катуу кейиди. Көрсө бажы постторунда баштагыдай “салыгын” бере коюп товарларды өткөрмөйгө бөгөт коюла баштаптыр. Мурункудай эпилдеп, жепилдеп жеңил оокатка көнгөн шылуундардын ооматы тайып, кыйтырлык менен акча жасагандардын айласы куруп жатыптыр. Чынында мурда чакан чаар баштыктарга эле итапкан акча шылыгандар эми эки көзүн аркардай жайнатып, эчкисин сайга айдатып калганы ачык байкалганын да айта кетели.
Чоң жеп, ошончо кайра “отход” кылгандардын ана башчыларын өкмөт башчы жоготкон соң азыноолак болсо да казынага каражат түшө баштаганы жакшы жышаан эмеспи. Ызылдап, тызылдап эпчилдик менен оокатын кылгандарга айтарыбыз эми силер деле ак эмгек менен наныңарды табууга үйрөнгүлө.
Ошентип өлкөнүн баштыгына камкордук көрбөсөк бир, эки кайбардын эле акырына айланып жатпайбы бажы деген. Колдон келсе андан көрө калган, каткан жемкорлордун колун кыскартууга көмөктөшкүлө? Антпесек элдин ырыскысын жемсөөсүнө жел турбаган кайбарлар сугуна беришет. Ал эми эчкирип ыйлаган анча-мынча келиндерге деле иш табылат. Башкысы алып-жутарлардын саны азая берсин.
Айшакан Бертикбаева
Булак: "Ачык сөз"