www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн тажик чек арачылары Максат—Кулунду жолунун Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөсүн тосуп алууга аракет кылышты. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнөн билдирди. Маалыматка караганда, Кулунду айылынын ылдый жагында 24 кожолук жашаган айыл бар. «Ошол жердеги айылга өтүүчү Максат—Кулунду көпүрөсүнүн астына окуучулар үчүн контейнер орнотконбуз. Ал жерден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол куруу керек болуп жатат. Ошол жердеги контейнерди алгыла деп тажик тараптын аскерлери Максат—Кулунду көпүрөсүн тосуп алыптыр. Азыр аларды биздин чек арачылар артка кайтарды», - деди Максат айылынын башчысы Сапарали. Учурда Максат айылында абал тынч. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган жайда жүрүшөт. Буга катар Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарап бир тараптуу түрдө чек арадагы «Кулунду», «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пункттарында унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтоткондугун кабарлады. «Кулунду» эл аралык пункт болгондуктан ал жерден үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары өткөрүлө берет. Тажик тарап бүгүн, 8-февралда Лейлек районунун Сай аймагында аскерлердин санын көбөйттү. «Тургундар Сада (Гуляндоз) каналы аркылуу окуучуларды өткөрүү үчүн көпүрө курушкан. Анткени алар мектепке баруу үчүн узун жолду айланып каттоого мажбур болушчу. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тажик чек арачылары окуучулардын катташына кыйынчылыктарды жаратат. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушуп, чек арадагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулаганы жатат. Учурда абал тынч», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg