www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Эдил Байсалов менен Кыргызстандын эгемендик майрамын утурлай баарлаштык.

-Эдил мырза, кыргыз эли эгемендиктин баасын-баркын биле алдыкпы?

-Эгемендигибиз - эң чоң байлыгыбыз. Ата бабалар күрөшүп, кан төгүп, жанын аябай, энелерибиздин "сансыз кылым" тилеги 1991-жылы аткарылып, ошону жакшы баалай албай, баягыдай эле жылуу-жумшак, ток кулчулукту азыр деле эңсегендер бар. Эски кожоюн жаңылышып, биз эркин желегибизди желбиретип алганыбыз менен, тилекке каршы, толук кандуу эркиндикке жетише элекпиз. Жаманбыз! Ошол үчүн үйүбүздү конок тейлеп келетат. Бул бармак тиштеп өкүнө турган  жагыбыз.

-Кайсыл президент эгемендикти сактоого көз карандысыздыгыбызды коргоого аракет кылды же тескерисинче  кимиси эгемендикке шек келтирди?

-Ачыгын айтыш керек. Эгемендикке эң көп зыян келтирген Алмазбек Атамбаев болду. Ал текши тышкы саясатты жүргүзө алган жок. Баардык мамлекеттер менен урушуп, элибизди дүйнөлүк коомчулуктун четине чыгарып койду. Эч ким менен катташпай да калганбыз. Эсиңерде болсо, мурунку Көчмөн оюндарына Татарстан-Башкорстандын эле жетекчилиги келип, эң сый конок Газпромдун деректири болчу. Кудайга шүгүр, ал күндөр өттү. Буюрса эмки жумада Эрдоган, Назарбаевдер баш болуп келип, жергебизде чоң той өтөт. Бул майрам да керек!

Анткени, элибиздин духу көтөрүлүп, желектер желбирейт. Мындан кийинки экинчи кадам коркпой үркпөй Кытайга темир жол куруп башташыбыз керек. Буга биздин түндүгүбүздөгү эки чоң мамлекет каршы. Негизги себеп - экономика, анткени бизден жол алардыкы менен салыштырмалуу эң кыска болот. Европадагы миллиондогон контейнерлер биз жака ооп кетет. Ошондуктан 20 жылдан бери арабызда саткын эксперт жана саясатчылар аркылуу ал жолду курдуртпоого "саботаж" аракеттери токтогон жок. Анан дагы мына ошол жол курулса, биз дагы 21-кылымдын борбору Чыгыш Азия менен байланышыбыз күчөйт, кадимкидей ошол жол иштеп киргенден кийин алыскы Беларус эмес, үч миллиард калкы бар Кытай менен Индия сыяктуу дөөлөрдүн тушунда турганыбызга көзүбүз жетет. Былтыркыдай жол блокадасынын коркунучу да алыстайт.

Атамбаев башкасын коюп, ушул жолду кура алганда, канча зөөкүр же ууру болбосун, ата мекендик тарыхта Улуу Пётрдай эле орунга ээ болмок.

Кандай жагдай жаралса да эгемендүүлүгүбүздү көзүбүздүн карегиндей сактайлы.Аны иш жүзүндө бекемдеп, күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн эрк, кадимки эрдик керек. Жашасын кыргыз эли! Жашасын түбөлүктүү Кыргызстан!

Чынайым Кутманалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости