www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков духу күчтүү адам экен

«Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы жакшы. Ал камакта жумасына эки жолу спорт менен машыгууда» деп анын адвокаты Замир Жоошев маалымдап чыкты. Адвокаттын айтымында, ал мурдагы өкмөт башчыга жолугуп чыккан.

«Адам темир тор артына түшкөндө моралдык жактан ар кандай кыйынчылыкка дуушар болот эмеспи. Көңүлү чөгөт, өзүн таштап жиберет. Ал эми айрым адамдар өзүн кармай алат. Сапар Исаков духу күчтүү адам экен, өзүн жакшы алып жүрөт. Камакта ал аптасына эки жолу спорт менен машыгып жатыптыр. Өзүнүн айтымында, башында 25 килограмм салмактагы штанганы жатып алып көтөрсө, азыр 60 килограммдык салмакты көтөрүп жатыптыр» деди адвокат.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости