www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан 2018-жылдын 2-4-сентябрында Кыргыз Республикасына расмий визит менен келет.

Визиттин алкагында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышат.

4-сентябрда Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат, андан соң басма сөз үчүн билдирүү жасашы күтүлүүдө.

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий визитинин алкагында ошондой эле башка бийлик бутактарынын жетекчилери менен да жолугушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости