www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинин алдында виза үчүн кезекке турган орто жаштагы аял эсин жоготту. “Азаттыктын” түркмөн кызматы аялды “тез жардам” унаасы алып кеткенин, бирок ал жолдо көз жумганын билдирди.

«Ал баласын окууга жөнөтүү үчүн эки аптадан бери кезекте турган. Виза күтүп чарчагандыктан, катуу кыжаалат болуп, оозу-мурдунан кан кеткен», - деди күбөлөрдүн бири.

Соңку күндөрү Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинде тажик визасын алууну каалаган жүздөгөн киши чогулууда. Алардын айрымдары 45-49 градус ысыкта визаны жумалап күтүшүүдө.

Түркмөн жаштарынын бир бөлүгү Тажикстанга барып окушат. Көз карандысыз булактардын маалыматы боюнча Тажикстанда билим алган студенттердин саны төрт миңден ашат.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости