www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады.

Коомдук фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды, дискуссияларды уюштурат.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгын негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Коомдук фонддун ишмердигинин ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн 11 кишиден турган Байкоочу кеңеш түзүлдү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, “Азаттык” радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова, журналисттер Нарын Айып, Султан Каназаров, Олжобай Шакир, Элдияр Арыкбаев, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев, Коомдук талдоолор институтунун директору Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, “Полис Азия” аналитикалык борборунун директору Элмира Ногойбаева жана “Сереп” аналитикалык борборунун директору Искендер Ормон уулу мүчө болушту. Фонддун төрагалыгына медиа менеджер Айбек Турдалиев тандалды.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун расмий бет ачары 2018-жылдын сентябрь айында өтөт. Анда “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгына сынак жарыяланат.

Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандардын өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которду.

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдогу терс көрүнүштөрдү журналистик иликтөөлөр аркылуу ашкере кылууну каалаган бардык жарандарды жана уюмдарды кызматташууга чакырат. Фонддун банктык эсептери: Demir Kyrgyz International Bank (Bishkek, Kyrgyzstan) Кыргыз сому: 1180000113646218, АКШ доллары: 1180000113646319, Орус рубли: 1180000113646521, Евро: 1180000113646420. Байланыш үчүн: [email protected].

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. Факт боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости