www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2018-жылдын 3-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI Саммити өтөт.

Саммитке Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун, Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө.

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ардактуу мейман катары Саммитке катышышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюлат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости