www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эгемендик күнү Ала-Тоо аянтында өтө турган аземге ден соолугуна байланыштуу катыша албайт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева NazarNews.kg билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев жакында эле радикулит илдетине кабылган. Мындан улам, дарыгерлер ага көпкө чейин отуруп же туруп жүрө турган иш-чараларга катышпай турууну сунуштаган. Экс-президент майрамды үй-бүлөсү менен тосот.

Буга чейин президенттин маалымат кызматы президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтө турган салтанатка экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев чакырылганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости