www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн кеткенге өчөшпөй, Түрк президенти Эрдоган баягында Кыргыз кесиптешин өтө сый-урмат менен тосуп алган. Эми өзү Кыргызстанга келгени турат. Учагы 1 – сентябрь күнү Манас эл аралык аэропортуна келип конот экен. Кош келиңиз! дейли.

Негизинен Түрк мамлекети менен бизди көп нерсе байланыштырып турат. Дилибиз да, тилибиз да бир. Тарыхыбыз, тегибиз, салтыбызда окшоштуктар бар. Балким жолубуз да бирдир. Кантсе да боордош элбиз да.

Азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган Түрк жана Ислам дүйнөсүндө лидер адам эмеспи. Дүйнө сасатында аны менен Америка да, Россия да, Кытай да эсептешет. Айрыкча Эрдоган Палестина, Сирия, Ирак өндүү чыгыш мамлекеттериндеги ири ички да, тышкы да чыр-чатактарды токтотууда маанилүү иштерди жасап мусулман журтчулугу арасында чоң сый-урматка татый алды.

Кыргызстан да унутта калган жок. Түрк бийлигинин демилгеси менен миңден ашык жаштарыбыз азыркы учурда акысыз Түркияда билимин өркүндөтүшүп жүрөт. Миңдеген Кыргызстандыктар Стамбул, Анкара шаарларында ар тармакта иштеп, ээн эркин нандарын таап жеп жатышат. Бөтөн элден, бөтөн жерден келдиң дебей ошол мигранттардын коопсуздугун карап, укуктарын тебелебей сый мамиле кылып келе жаткан Түрк бийлигине ырахмат айткандан башка аргабыз барбы?

Кыргызстанда TIKA өкүлчүлүгү да көп жылдан бери иштеп, ири долбоорлорго демөөрчүлүк жасап келе жатат. Мен да ушул уюмдун арты менен чет мамлекетте билим алганга жетиштим. Жыйынтыгы жаман эмес. Эми мындай мисалдарды санай келсек сөз узун болот албетте. Бирок тегинде ушунун баары Эрдогандын демилгесинде жасалып келе жатат деп айтсак жаңылбайттырбыз.

Сөз төркүнүн тумандатпай, ток этээр жеринен алганда эки мамлекеттин кызыкчылыктары тең салмакта сакталып бир туугандык мамилелерибиз мындан ары ажырабасын деген эле тилек. Анткени келечек тарыхка карап курулат. Эски дос эстен кетпейт демекчи. Баарыбир бараар жерибиз, багынта турган чокубуз ушул эле бир тууган мамлекеттердин жардамы менен болот. Жалгыз колдон эмне келсин...

Медер Шерметалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости