www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 15-ноябрда, «Жалпы улуттук диалог» аттуу форум өтүп, анда министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөдү. Анда ал бейөкмөт уюмдарды сынга алды.
Байсаловдун айтымында, жарандык коом менен өкмөт кызматташууга ачык жана аткаруу бийлиги коом менен Жогорку Кеңештин азыркы жана келечектеги курамынын толук көзөмөлүндө.
«Менин «кылыбыз кышайбайт» деген сөздөрүмдү чечмелөө боюнча бийликтегилер пикир келишпестиктерди басууга бел байлап жатат деген ар кандай божомолдор ачык жана жоопкерчиликтүү болбойт – бул жөн эле туура эмес.
Кеп жаңы Конституция «120 президенттин» бийлигине чекит койгонунда, катардагы депутаттын кандайдыр бир кокустук, компетентсиз пикири бүтүндөй мамлекеттик аппараттын иш-аракетине түзмө-түз көрсөтмө болуп калган. Президент Садыр Жапаров башында турган министрлер кабинетинин жана бүтүндөй аткаруу бийлигинин бейөкмөт сектор менен кызматташууга жана өз ара аракеттенүүгө ачыктыгын жана даярдыгын жарыялоо менен, менимче, бир нече маанилүү шарттарды жана принциптерди айтып коюшум керек.
Биздин келечектеги мамилелерибиздин эң натыйжалуулугун жана ийгилигин камсыз кылуу… Бийлик менен тыгыз жана ийгиликтүү кызматташууга, ошого жараша аларга өздөрүнүн уставдык максаттарын менен милдеттерине ылайык көмөк көрсөтүүгө жана таасир этүүгө ишенген бейөкмөт уюмдар тирешүү курсунан так жана талашсыз түрдө баш тартууга тийиш», — деди Байсалов.
Анын айтымында, кимдир-бирөөгө «хайп» керек болсо, бейөкмөт уюмдар статусуна жашынбай, саясатка барсын.
«Эгер сизге кызматташуу керек болсо анда ал узак мөөнөттүү, талыкпаган, чыдамкай жана компетенттүү аткарылган ишке негизделиш керек. Муну дүйнө жүзү боюнча бардык ийгиликтүү жарандык коомдун уюмдары жасап жатат. Алар бийлик менен жана жеке эксперттер, адистер жана чечим кабыл алуучулар менен ишенимдүү мамиле түзөт. Биздин өлкөдө айрым бейөкмөт уюмдар резонанстуу пресс-конференцияларды өткөрүү жана социалдык түйүндөрдө өңүтсүз айыптоо үчүн гана бар», — деп кошумчалады ал.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары бийлик өкүлдөрү жарандык сектор менен диалог жана өз ара аракеттенүүнүн кандай формаларын каалап жатканын да айтып берди. Анын пикиринде, бейөкмөт уюмдар жана активисттер чечим кабыл алуу иштерине катышууну жактырбайт, же билбейт, же өз функцияларын аткарбайт.
Жана, ошондой эле, Байсалов жарандык активисттерди мамлекеттик органдарга, мамлекет жетекчилигине, Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жана кайрылуу жазууга чакырды.
Эдил Байсаловдун пикиринде, Facebook'ка билдирүү жазуу - бийлик менен байланышуунун нормалдуу жолу эмес, андай чарага - маселе өкмөт тарабынан чечилишине үмүт жок калганда гана барса болот. Ошондо гана басма сөзгө чыгып, коомдук пикирге, андан да дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу керек деп эсептейт Байсалов.
Белгилей кетсек, Эдил Байсалов өзү коомчулукка бейөкмөт уюмдун жетекчиси катары кеңири тааныла баштаган. Ал «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясын жетектеп, саясий процесстерге активдүү катышкан.
Булак: NazarNews.kg