www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында кечээ, 15-ноябрда үч саттан ашык сурак берип чыкты.
Ал мекеменин алдында күтүп турган тарапташтары, укук коргоочулар жана жактоочуларга жолугуп, шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу сурак бергенин айтты.
"Менин балдарым үгүт иштери менен жүрүшкөн. Алардын жанында жашы жете элек балдар бар экен. Жардамдашып жүргөнбү билбейм. Аларды кармап алып, "мына, үгүт кылып жүрөсүңөр" дешиптир. Азыр эми Жазык кодексинин 194-беренеси ("Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу") менен териштирип жатышат. Бирок бул берененин эч кандай тиешеси жок".
Ал сурак жактоочунун катышуусусуз өткөнүн, буга өзү макул болгонун кошумчалады.
Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет окуяга байланыштуу маалымат бере элек.
Бул ортодо Бекешев өзүнүн Facebook баракчасына суракка чакыртылганы боюнча билдирүү жазган.
«УКМК мага иш козгогусу келип жатат, эч ким арызданган да, арыз да жазган эмес. Бул — атайын кызматтын өзүнүн демилгеси. Учурда мен УКМКнын Бишкек башкармалыгында күбө катары сурак берип жатам. Эмне башталды?» — деп белгилеген Бекешев.
Белгилей кетсек, Дастан Бекешев Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Ал эми Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Булак: NazarNews.kg