www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын транспорттук көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, “Көк-Талаа” транспорттук көзөмөл пунктунун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында, салмактык-габариттик көзөмөлдүн берилген ченемдерин бузууну менен мамлекеттин кызыкчылыгына ири өлчөмдө зыян келтиришкен.
«Көк-Талаа ТКПнын айрым кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге, тагыраак айтканда, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча каражатын талап кылуу жана системалуу түрдө өндүрүп алуу фактылары аныкталган.
2021-жылдын 13-ноябрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында пара катары акча каражатын алган деген шек менен Транспорт жана жолдор министрлигинин Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы З.С.А. жана башкы инспектор М.Э.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК бул иштин жагдайларын жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүүдө.
Булак: NazarNews.kg