www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Эдил мырза кокус Атамбаев кол тийбестиктен ажыраса, кайсыл иштери үчүн жоопко тартылышы мүмкүн?

-Эң биринчи күнөө жана доомат бул бийликти узурпациялоо боюнча болот. Анкени, Алмазбек Атамбаевдин президент кезиндеги кайда жана  кайсы элде сүйлөсө да, боорду эзип, оңдогон кылмыштарды жасап атканын өзү айтып берчү - ошолорун эле бетине кармаш керек.Ошондой эле  бул укук коргоо системасын пайдаланып саясий оппонентерди камоо жана соттоо боюнча өзү чечим чыгарганы боюнча жоопко тартыш керек. Себеби, муну кийлигишүү деп айтууга да болбойт.  Атамбаев жеке өзү чечип атканын ачык эле айтчу. Бакиев менен Акаев эч качан, мисалы, алар чечип атканын жарыялашчу эмес. Алар эч качан УКМК же Башкы прокурорго түздөн түз буйруктарды да беришкен эмес. Мисалы,  "Белизгейт" жана башкаларын айтпаганда дагы Данияр Нарымбаевди камака алганда "мен башкача эле чечип кое алмакмын" дегени өзү да эң оор кылмыш кылып атканын түшүнбөгөнүн көргөздү.

Президентке эч бир мыйзам менен  ким камалат, ким камака алынбайт, ким соттолот, кимге көз жумулат деген бийликти ыйгарган эмес. Атамбаев болсо кадимки эле орто кылымдардагы падышадай өзүн алып жүрдү - бул оюнчук же тамаша эмес, бул демократияда эң оор кылмыш. 1993-жылкы Конституциябызда "узурпация власти - тягчайшее преступление" деген статьясы бар болчу. Аны анан алып ташташты, бирок мааниси элдин эркиндигин муунтуу - мындан оор кылмыш жок дегени, миң кишини өлтүргөндөн дагы оор жазага тете. Биз азыр Атамбаевдин бийлигинин табиятын уюшулган кылмыш группасына, мафияга теңеп атабыз. Бирок андай салыштыруулар дагы аздык кылат. Булар, мисалы, Канат Исаевди "насильственный захват власти" деген доомат менен бир кайсы бандиттердин сөздөрүнө таянып, камап коюшту. Эми так ушул сыяктуу камоолор үчүн Сегизбаев-Жолдубаева-Арабаев анан Атамбаев баш болуп ошол эле "насильственное удержание власти" жана "узурпация" деген статьялар менен кесилиши керек. Бирок бул да башы эле.

Азыр экс-президенттик статусуна жамынып калышкан атамбаевчилер кече күнү ошол экс-президенттикке ээ Бакиев бир эмес, беш-алты жолу кайра кайра соттошподу беле, унутуп калыштыбы? Анда эмне Атамбаев унчуккан эмес: "соттобогула, ал экс-президент" деп? Бир жөн Бакиев 7-апрелде кандуу окуялары үчүн соттолсо - жок! Аны, мисалы, жанагы Карганбек Самаковдун жери боюнча козголгон ишке аралаштырып, эки жүз гектар сенин убагында туура эмес пайдаланган деп, өмүр бою эркинен ажыралатып атат. Көрүп атасызбы? Президент каякта анан кайдагы бир гектар жерлер? Эч бир документинде колу жок болгон күндө дагы, Бакиевди президенттигинин учурунда мыйзам бузулган, ошого жооптуу деп Атамбаевдин прокуратурасы жана соттору өкүм чыгарып берип атышат.

Эми ушул эле аналог менен кетсек, мындай “хозяйственный” иштерден жүздөп чогулат, Бишкек ТЭЦ боюнча чатак чепуха эле. Акаев менен Бакиевтин түшүнө дагы Атамбаевдин авторитаризми, өзүмбилемдиги кирген эмес. Алар президенттик Конституция менен башкарышкан, бирок ошол Конституция менен азыр деле жашаган күндө дагы, Атамбаевчилеп килейген мамлекеттик чечимдер мынча шашма жана сапатсыз жол менен кабыл алынган эмес.

-Сиз мурунку бизге берген интервьюңузда Атамбаевдин бийлигин пианиного ойногон маймылдын какафониясына салыштырган элеңиз. Бийлиги начар, айткан сөзүнүн көбү калп болуп чыкты, бирок ошол какафония үчүн соттосо болобу?

-Акылы жетпей калыптыр дейли, бирок ал кылмыш эмес да. Туура! Мен дагы, ушул кетсе, баардыгын кечирип берет элек деп айтчумун. Бирок, мына бийликтен кеткенине бир ай жетпей Бишкек ТЭЦ авария болуп тоңуп, эбегейсиз коррупциянын изи ачылды. Бул бир эле долбоордон. Мындайлар толтура. Өзү моюнга алганы бар “мен бир дагы көрүнүктүү ишкана ачкан жокмун” деп, бирок ушул Кытайдын карызына салынган энергетика жана жол объектилерин бизге милдет кылчу, "мына кыйратым" деп. Резиденцияда болсо уялбай бир миллион евролук хан сарай салып алып жашап атат. Кыжырын келет экен. Бул киши жаш балдардын каны менен бийликке келген. Ошол кан менен ант берген. Канчалаган курмандыкка барды кыргыз элибиз. Ошонун жообун алышыбыз керек! Экинчиден, бул жакшы карыбай, кайра элди коркутканга өтпөдүбү. "2005 жана 2010-жылкыдай төңкөрүп салам” деп ачыктан ачык эле жарыялап атпайбы.

Биз тим койсок, күзүндө эле элде кичине нааразылык күчөгөн күнү баягы көңгөн адатка салат. Колунда чексиз байлык, эң күчтүү маалымат каражаттары бар. Үчүнчүдөн болсо, бул киши башкарган жети жыл бою жети жыл мурунку президенттерди күнөөлөп келди: баардыгына ошол экөө күнөлүү болуп чыкты. Баягы эки жыл мурун жайында Москвада типография өрттөнүп, биздин жаш кыздар өлгөндө, мен айткам: "ошол кыздар Атамбаев бийликке келгенде 10-12 жашта болчу, алар Москвада иштегенине Акаев же Бакиев күнөлүүбү” деп. Ошол өрт чыккан жерде ыйлаган бир жаш кыздын “знайте, придурки” деп айтканы азыр дагы баардыгыбыздын эсибизде. Анан кантип биз эми азыр “Атамбаевтин кол тийбестиги бар, өмүр бою аны багып, төрүбүздө сыйлашыбыз милдет” дейбиз?

-Акаев менен Бакиевдин авторитаризми быякта эле калат дегениңизди чечмелеп берсеңиз?

-Какафониядан эки эле мисалды келтирейин, кайрадан эле жеке менин эсимде өзгөчө калганын. Мисалы, Север-Юг жол курулушу боюнча эч ким менен кеңешпей эле, талкууга салбай эле, парламентке, өкмөткө добушка салбай, жеке өзү чечим кабыл алып койгон. Ал жолдун курулушу керекпеле, жокпу, кайсы маршрут менен жүргүзүшүбүз туура болот дегенди эч ким талкуулаган эмес. Ошол жакка кеткен миллиард доллар карызды биз башка, мындан дагы пайдалуу жака жумшасак болот эле да, туурабы? Казарманга туннель салып, берки Нарынга жолду оңдоп койсок. Эсиңердеби, кайра эле ушул Атамбаевдин тушунда Оштогу бир көпүрөнү “непродуманно” салдың деп Мелис Мырзакматовду кызматынан шыпырып, аягы мекенден айдап чыгарышканын.

Ошондо кайсы бир милисанын майору оозу менен “непродуманно” деп айып коюп атат, бирок ал чечимди Мырзакматов баардык тийиштүү органдардын, шаардык кеңешинин буйругунун негизинде чыгарган күндө дагы. “Непродуманный” дегени бул чечимди Атамбаеви жок эле чыгаргандары болду ал жергиликтүү бийликтер. Экинчи мисал, Жерүй кайра сатылып, андан бонус 100 миллион доллар накталай акча түшөт. Аны дагы Атамбаев эч ким менен кеңешимиш да болуп койбой, “мектептердин курулушуна” деп чечим жарыялайт ошол эле замат. Эсиңердеби? Ошондо айтты эле го “мен кеткиче бүт мектептер оңолот, бир дагы мектеп капиталдык ремонтко муктаж болбойт” деп. Биздин Конституциябыз боюнча президенттин андай чечимдерди эмес, өзүнүн аппаратынын бюджетин дагы бекиткенге дагы кымындай укугу жок.

Анын баардыгы толугу менен өкмөткө жана Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилген. Атамбаев Кыргызстанды падышадай эле, жеке менчик фирмасындай эле башкарды. Ушунча чексиз бийликке ээ болду, Конституцияны дагы, башка бийлик бутактарын бар жок экенин дагы унутуп калган. Өзүн Кудайдай эле көрүп калган үчүн, ошол чексиз бийликке мастыгынан “мен президенттикти кайсы бир байкушка өткөзүмүш болуп, өзүм эле чексиз башкара белем” деп жаңылды. Азыр дагы ошол мастыгы тарай элек. Баягыдай эле “мени кыргыз эли кудайындай эле сүйөт” деген ойдо.

Сиз Атамбаевдин камалаарына ишенесизби ?

Биз андан сөзсүз экс-президент деген макамды алып коюшубуз керек. Бирок, бул жерде өтө чоң дыкаттык маанилүү. Мен толугу менен президенттердин кол тийбестигин жоюга каршымын. Анан ал иммунитетти дагы жокко чыгаруу оңой болбошу керек. Президент көп душманды күтөт. Ал ар кандай оор чечимдерге барышы мүмкүн, анан ошол чечим чыгарып атканда (мисалы, согуш учурунда миңдеген жаш аскерлерди мекен үчүн өлүмгө буюруп атканда, ал ойлонбошу керек, мен эртең жооп берип каламбы бул чечимим үчүн деп). Ошондуктан, мен сунуштап атам экс-президенттин статусун так ошол Конституциянын 67-статьясында көрсөтүлгөн импичмент процедурасы менен жокко чыгарылышы керек: депутаттардан үчтөн бири демилге көтөрүп, ал демилге Баш прокуратура тарабанан колдоого алынып, анан 80 депутаттан аз эмес добуш менен акыркы чечимди кабыл алсак болот.

Экс-президент деген макам алынгандан кийин, Атамбаев резиденциядан көчүрүлөт, андан мамлекеттик күзөт дагы алынат. Сотко дагы тартылышы мүмкүн. Бирок азыр социалдык тармактарда камалышы боюнча талаптар көп айтылып атат, биз алдын ала айтышыбыз керек, Атамбаев камалган күндө дагы, колонияларда зэктер менен чогуу отурбайт. Биз өзүбүздү сыйлашыбыз керек. Азыркы эле элдин жек көрүүсү бул өтө чоң жаза. Эртең аны сот эркиндигин ажыратуу боюнча дагы өкүм чыгарган күндө дагы, Атамбаевке биз өзүнчө, атайын шарты бар түрмөгө камап  шарт түзүп беришибиз керек. Биз эч качан аны же болбосо Текебаев же ошондой жогорку рангтагы мурунку элдик жетекчилерди зэктерге, же черныйларга жем кылып салып бербешибиз керек. Мыйзамдын эле жазасы - эркиндигин ажыратуу же болбосо, чектөө, ошол эле жетиштүү болот.

-Депутатардын ишенимине ээ болбой кеткен премьер-министр Сапар Исаков УКМКга үч ирет катары менен суракка чакырылыганда, саясый куугунтук башталды деп жиберди. Чындап эле Атамбаевчилер куугунтукка кабылып, жоопко тартылчу кез келдиби?

-Булардын телеканалы, угушумча, Сегизбаевди дагы “куугунтуктун курмандыгы”деп жарыялашыптыр. Бул орусча айтканда: “было бы смешно, если бы не было так грустно”! Өздөрү канча репрессия уюшутуршту. Акаевдин дагы, Бакиевдин учурунда мынча саясий туткун, Атамбаевтин доорундагыдай акыйкатсыздык болгон эмес. Эми азыр эч нерсе  боло электе эле “куугунтук” деп айтып чыккандарына айла жок жылмаят экенсиң. Сапар Исаков  өзү премьер-министр болуп турганда тергөөгө тапшырма бербеди беле. Аны сиз же мен уюштурган жокмун да, туурабы? Эштеке боло электе эле, эмне мынча чыңырышат? Исаков боюнча мен аябай таң калдым, чынын айтсам. Кече күнү эле жылмаю менен баардык келген чет элдик делегацияларга “бизде тергөө жана соттор толугу менен адилеттүү, көз каранды жана калыс” деп жооп берип, узатчу.

Анан ал бийликтен түшөөр замат эле, саясий заказ системасы орноп калдыбы? Жанагы досу Талант Султанову болсо кытайча дагы даттанып, анан англисче failed state деп жазып атат, мекенибизге кыйрап калган деген аныктама берип. Булар Максим Бакиевдин ЦАРИИсинен түздөн түз Атамбаевдин 7-катабына барып, кыргыздын улуттук тагдыры менен каалагандай куурчак-оюнчугундай эле ойногон балдар эми ал оюнчукту колунан алар замат, мекенибиз failed state болуп калат экенда. Исакову болсо кайра кайра эле интервьюларында кайталайт “мындайга эл жол бербейт, андай заман өткөн” деп. "Эй, Исаков, сен өмүрүндө бир жолу чындык үчүн күрөштүң беле? Бир жолу элдин таламын талаштың беле? Максимдин жанында жүрүп, бир жолу элиңди эстедиң беле? Атамбаевдин учурунда канча акыйкатсыздык болду, ошолорго бооруң оорубай, жок дегенде бир мүнөт алаксыдың беле? Эми кайсы моралдык укугун бар “андай заман өткөн, эл жол бербейт акыйкатсыздыкка” деп айтканга? Сен кимсин деги сага эл баардык ишин тыштап коюп болуша тургандай?” деп айткын келет экен. Мен ушул Исаковдун апломбун түшүнө албай койдум.

Атамбаевтин бир түгөйү экен, иши кылса. Ошол үчүн бири бири менен тил табышса керек. Эбегейсиз зыян келтирди улуттук эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекеттүүлүгүбүзгө ушул жигит. Бир дагы жолу патриот эмес. Максим талкалаганда ага колуна суу куюп жүрдү. Атамбаевге жардам бербей турмак, аны башкарып алган башынан эле. Бүт мамлекеттер менен мамилебиз бузулду. Анан мына Лигласс жана Бишкек ТЭЦ долбоорлору көрсөтүп тургандай - баардык чечимдер ушул Исаков аркылуу кабыл алынчу. Бул факт! Жөн эле кагаз ташыган бала деп айтайын десең, кайра өзү “я этим проектом горжусь”деп барган жеринде кайталап атат.

Жарым миллиард доллар карызды ошол ТЭЦтин 600 долларлык кычкачтары үчүн моюнубузга илип койгонуна сыймыктанат экен. Муну элине чыккынчы деп айткандан башка сөз жок. Ушулардын катачылык-чыккынчылыгынан улам биз 2050-жылга чейин Тажикистанды, башкаларды тим кой, Тажикистанды кубалап, жете албайбыз, өнүгүүдө артта калдык. Кесепеттери мына азыр эле билинип атат, бирок булар калтырган миналардын көбүнчөсү дагы көптөгөн жыл бою алдыда жарылат.

-Коррупционер деген ярлык тагылгандардын баарынын акчасы эми тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсепке которулуп, кыргызстан ушул жол менен тышкы карыздан кутулабы?

-Жок. Бул болбогон кеп. Акча чыкпайт. Бул жаш балдардын сөзү. Бул туура эмес жол. Карыздан деле коркпош керек. Кеп аны биз кандай пайдаланып атабыз. Кеп ошондо. Азыр деле Кытайга болобу, башкасына болобу карыз - башты жерге салбайлы. Баардыгы колубузда. Мыкты жетекчилик эле керек. Мен Атамбаевтин деле учурунда каршы болчумун “коррупция менен күрөшүүнү” улуттук идеяга айлантып жана негизги лозунг катары туу тутууга.

Азыр дагы ошого тынчсызданам. "Кыргыздар өсүп-өнүкпөй эле, бири бирин камаганды, анан ошого сүйүнүп, мактанганды жакшы көрүшөт” деген сөзгө калабыз. "Бирөөлөрдү камап, анан алардын эсебинен карызыбыздан кутулабыз” десек - биз алыс кетпейбиз. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүртүү жок эсе азыр. Атамбаевдин жолу туура эмес экенин баардыгыбыз түшүндүк, кудайга шүгүр. Бирок, кайсы жол туура, - ал жөнүндө дагы айтыла элек.

Булак: "Майдан.кж"

Последние новости