www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кадрдык дайындоолордон чоң каталарды кетирип баштады. Баягы эле милийсаны ичинен ириткендер чоң кызматттарга дайындалып, интрига мурдагыдан да ашыкча күч алды.

Өздүк курам арасында нааразы пикирлер аябагандай көп айтыла баштады. Президент Сооронбай Жээнбеков чоң ишеним көрсөтүп алып келгенден кийин ишеничти актап, кадрдык дайындоолордон ката кетирбесе болмок.

Бул кебетеси менен алыска барбайт окшоп калды. Соорон­бай Жээнбеков ага өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтордун таасирин жоготуу боюнча тапшырма берген.

Тилекке кар­шы, Кашкар Жунушалиев ОПГга каршы күрөш жүргүзө албайт. ОПГга карты согуш баштоо үчүн чоң жүрөк керек, анан эрк керек. Эмитен кадрдык башаламандыктарга жол берип жатса, эртеңкиси эмне болот? Айтор кыргыз милициясынын жакын арада багы ачылбайт окшоп калды.

Булак: Ачык саясат

Последние новости