www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Бакыт Төрөбаев президенттик кызматка татыктуубу же азыр тажрыйбасы аздык кылабы?

– “Өнүгүү” партиясынын ийгилиги менен өлчөсөк, албетте, президенттикке ат салышууга толук кудуреттүү. Шайлоочулары мекенибиздин ар бир районунда бар экенин көрсөтө алды. Акыркы жергиликтүү шайлоолордо да жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Бирок, биздин тарых көрсөткөндөй – “президенттер мурунку премьерлерден шайланат”- деген жазылбаган эреже бар. Эгер ошол нерсени эске ала турган болсок, Төрөбаев балким, биринчи премьер болуп, анан президентикке барабы дейм. Азырынча, негизги таймаш мурунку премьерлер Жээнбеков, Сариев жана Бабановдун ортосунда болчудай.

– Президент Кремлге барып келгенден кийин КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоорун ачык жарыялады. Эми Сооронбай Жээнбековду Кремль да колдоого алат деп ишенсек болобу?

– Жок, андай эмес. Кремлге чейин эле партиясы көрсөтүп чыккан. КСДПда Атамбаевсиз эчтеке чечилбейт. Кремль болсо “шайлоого кийлигишпейбиз, кимиси утса, ошонусу менен иштешебиз” деп расмий да, башка каналдардан баардыгына айттырды. Атамбаев 2011-жылкы шайлоолордон кийин декабрь айында “силердин жигиттериңер жана атайын кызматтар Мадумаровду колдошкон, отуз миллион доллар берген” деп аябай чыр салган Москвага. Москва ошондон кийин, кайра Атамбаевдин талапкерин колдоого алмак беле. Апрелде өткөн ЕАЭСтин саммитине келген Путинге жана Назарбаевге да жакшы тааныштыра алган жок Сооронбай Жеенбековду. Аэропортто тоскондо дагы Путин Жээнбековго далысын салганын элдин бардыгы байкады. Жээнбеков дегеле эч жакка чыккан жок, бир дагы жолу Атамбаев аны Москвага атайын жөнөткөн жок. Андан тышкары Пекин менен башка мамлекеттерге да чыгарган жок, айтор Трамп менен баардык мусулман лидерлердин жолугушуусуна да вице-премьер барды. Каримовдун эле жаназасына катышканы болбосо, Сооронбайды азыр эч ким тааныбайт жана эмки президент катары кабыл алган жок.

– Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековдон башка Атамбаев “ишимди улантып кетет” деп ишенчү адам жокпу?

– Биринчиден, иши болсо улантабы?! Кайсы ишин айтып атасыңар? Текебаевди – Биринчиден, иши болсо улантабы?! Кайсы ишин айтып атасыңар? Текебаевди камоо ишинби? Же шоопурларды жана жансакчыларын эркелетүүсүнбү? Балким, баардык алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен алакабызды бузуу ишинби? Атамбаевдин доору башаламындык менен эле тарыхта калат. Бир дагы көзгө илинерлик жетишкендик жок. Мактана турчу баардык ийгилик, Бакиевдер бийликте калганда деле ишке ашмак, болгондо дагы жанагынча кан төгүүсү жок эле. Демократия жана сөз эркиндик деп айтып атты эле – мына ким камалып, ким камап атканын, баягы эле Бакиевдердин сүймөнчүктөрү 100% Ак үйдүн кабаттарында отургандарынан байкагыла. Атамбаев албетте, өзүн олуя катары көрүп, “2040-жылга чейин мен башкарам”- деп отурат. Бирок, кыргыз эли буга макул болбойт. Жээнбеков шайланган күндө дагы, Атамбаев бат эле ага да асылып баштайт. Көрөсүңөр!

– Эмнеге президент “Кыргызстанда демократия, Чыныбай Турсунбеков президенттикке аттанса аттанат, бирок, КСДП Жээнбековду гана колдойт”- деди? Чыныбай Турсунбеков менен президенттин ортосун кара мышык араладыбы же президент Чыныбайдан Сооронбайды жогору көрөбү?

– Эми бул байларды ким билсин. Мындай партиянын биз далайын эле көрүп калбадыкпы. Баягы “Алга, Кыргызстан” же “Акжол” каякта азыр? Чыныбай ошол чөгүп бараткан кемеден түшүп атканы. Ал ачык “мен кеттим” деп айтса, калгандардын баардыгы эчактан эле “запасной аэродромдорун” даярдап) күн санап отурушат. – Шайлоо күрөөсүн кымбаттатканы менен президенттик так үчүн көзү ачыгы да, башкасы да ат салышаары анык болуп калды. Неге Кыргызстанда элдин баарынын эле президент болгусу келе берет? – Анткени биз демократиялык мамлекетпиз. Биз муну менен сыймыктанышыбыз керек, эмнесинен уялабыз. АКШ же Франция же башка мамлекеттер жөнүндө биз 2-3 эле талапкердин атын угабыз, а бирок ал жерде ондогон киши катышат. Кыргызстан деле ошондой!

– “Зима не будет” деген Арстанбек Алай президент болсо нени кыйратат?

– Чынын айтсак, “Зима не будет” деп шакаба кылганыбыз менен жакшылап байкасаңар ошонун деңгээлиндеги эле кишилер президент болушту го. Биз кандай гана сөдөрдү уккан жокпуз. Көзү ачыктай эле мистикага салып келбедиби. “Зима не будет” менен салыштыра турган болсок, дагы чоң суроо жаралат. Кимиси көбүрөөк кыйратат деген.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости