www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урушканды билген элдешкенди да билсин

Үй-бүлөдөгү сый-урматтын сырлары… Урушуунун маданиятын билесизби? Албетте ар бир үй бүлөдө пикир келишпестик болот деңизчи, бирок, ошол кырдаалдан ачууга алдырбай акылдуулук менен жол таап кетүү ары акылмандык, ары көрөгөчтүк. Анда эмесе мындай кырдаалдан кантип чыгуу керектигин төмөндөн окуп билиңиз

1. «Эмне мага кыйкырасың?» деген фразадан башталган түгөйлөрдүн ортосундагы уруш-талаштын да өз эрежеси бар. Үй-бүлө болгон соң урушту түп тамырынан бери жоюу мүмкүн эмес, бирок ортодогу сый мамилени сыйрып жоготпош үчүн кайым айтышуунун санын кыскартса болот.

2. Түгөйүңүзгө болгон таарынычты ичиңизге топтоп, сыртыңыздан сыр бербей жылмайып жүрө берүү сиздин негизги катаңыз. Мейли кичинекей таарыныч болсун, ылайыгын таап убагында айтып, чечишип алгандан өтөрү жок. Тымызын таарынып, тиш кайрап жүргүдөй жолдошуңуз сизге душман эмес да. Уруштун себеби эмнеден чыкканын ойлонуп көрүңүз. Кээде болбогон майда нерсени ырбатып ийген учурлар арбын. Балким буга чейин андан чоң маселелерге деле көз жумуп жүргөндүрсүз. Кандай маселе жаралбасын, жолдошуңуз бир жакка шашып же маанайы жок болгон учурда сөз козгобоңуз. Кичинекей болбогон маселенин чоң урушка айланып кеткенинин себеби да ушунда.

3. «Азыр мен буга көрсөтөм», «буларды айтам» деп ичиңизден ызырынып, урушка даярдануу андай деле зарыл эмес. Ошондон көрө «балким мен туура эмес кылып жаткандырмын, кай жеримен жаздым» деп өзүңүзгө суроо койсоңуз уруштун түйүнү чечилет. Айыпты өзгөдөн эмес өзүңүздөн издеңиз.

4. Жолдошуңуз сүйлөп жатканда анын сөзүн бөлүп же андан катуу кыйкырсам жеңем деген оюңуз жаңылыштык. Көпчүлүк аялдар жолдошунун унчукпай калганын жеңилген катары кабыл алып кадимкидей кайраттанып калышат. А чынында ал теңелбей, акылдуулук менен жеңгенин ар ким эле мойнуна ала бербейт.

5. Урушту үйдөн чубап чыгып, туугандарды, досторду аралаштыргандан карманыңыз. Балдарыңыз, жакындарыңыз экөөңөрдүн «концертиңерге» күбө болбош керек. Жолдошуңуздун алсыз жагын айтып, мисалы урушка тиешеси жок болсо да «сенин апаң, сенин туугандарың» деп негизги темадан четтеп ошого басым жасасаңыз, анын көңүлүн суутуп алышыңыз мүмкүн. Элдешүүгө биринчи кадам жасаганды намыс көрбөңүз. Көк беттик менен жеңгенден көрө жайдары мамиле менен үйдөгү «суук аба-ырайын» жөнгө салуу аял затына көбүрөөк мүнөздүү. Ошол ак көңүлдүгүңүздөн жазбай «мага эле керекпи» деген ойду алыс таштаган өзүңүзгө да, жолдошуңузга да жакшы.

Булак: "Курут kg"

Последние новости