www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп же Россиянын Премьер-министри Дмитрий Медведев сыяктуу өзүнүн саясый ойлорун, байкоолорун, божомолдорун түз эле Твиттерге жазган кыргыз саясатчысы, экс-министр Эдил Байсалов кечээ социалдык тармактарды жарды:

Байсалов:  “Ой-боой! “Форум” ишканасынын алдында 17-март окуяларына байланыштырып, атамбаевдик митинг өтүп жатат.  Алардын чакырыгы: “Сооронбай байке, өлкөдөгү стабилдүүлүккө сиз жоопкерсиз!” дешет.  “Байке” дешеби?  “Стабилдүүлүк” дешеби?

Атамбаевдин туталанган талмасы кармап жатат. Фарид  карама-каршылыктарды бетке кармап пайдаланууда.  Мен албетте Атамбаев менен Жээнбековдун мындай кагылышууларга келерин билгемин, Атамбаевдин чыргоолугу адекваттуу эмес кадамдарга түртөрүн да билгемин, бирок мынчалык тез болот деп ойлогон эмесмин.

КСДПнын съездине туура эки жума эле калды. Анан бул тирешүү кимге жана эмне үчүн керек болуп жатат?  Бирок силер түшүнүп турасыңар да, мен окуялардын мындай өнүгүшүн кыялымда гана элестете алмакмын.

Кечээ-бүгүн толгон кишилер менен сүйлөштүм, баардыгы эле бир имишти кайра-кайра кайталап айтып жатышат: бир нече күн мурда Атамбаев Жээнбековго кол көтөрүп, кол салып жиберейин деген имиш. Албетте мен президенттик институтту сыйлагандыгымдан улам буга ишене бербейм, бирок Атамбаев кезегинде Москвада Каримовго асылгандан кийин ага Жээнбеков ким болуп калыптыр?

Балким так ушундай болбогондур, бирок бул имиштердин бардык жерде байма-бай айтылып жатканына караганда, баарынан да түшүнүксүз эскалацияны өздөрү жаратып ( “Супер инфо” гезитине С.Жээнбековду каралаган макала жарыялашты, бүгүн “Сооронбай байке, стабилдүүлүккө сиз жооп бересиз!” деген чакырык менен митинг уюштурушту) жатышканына караганда кандайдыр бир жаңжал же кайым айтышуу болгону анык.

Мисалы, кечээ “Жаңы ордо” гезити Атамбаев Астанага учуп жаткан Жээнбековго “Астанага сен барбайсын, Сапар Исаков барсын” деп талап кылганын билдирди.

Мына, дагы имиштер келди, Атамбаев менен Жээнбековдун кагылышуусунун майда-бараттарына чейин толуктап жатышат: “Бөдөнөнүн сүтүнө” өтө дүүлүгүп алган Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы өзүнүн дачасынан Жээнбековдун дачасына чейин жөө жалаң жетип барыптыр. “Мен сени 3% рейтингиңен көтөрүп, президент кылгам” деп кыйкырыптыр, Соке болсо “мени эл шайлаган!” деп жооп кылыптыр.

Бул окуялар болгону чынбы же жокпу билбейм, бирок кечээ-бүгүн бул тууралу 10 жолу уктум. Өтө олуттуу кишилерден уктум. Алар да уккандарын айтып жатышат. Бул турмуштук фактор. Реалдуулук. Ошондуктан силер менен бөлүшүп жатам. Анткени алардын агрессиясын башкача түшүнө албайсың.

Көчмөн Бакай: Мен дагы бул тууралу бир нече кишиден уктум, чындык окшойт, бирок Соке дачасынан чыкпай коюптур, АША көчөдө кыйкырып-кыйкырып туруп, анан кетиптир.

Байсалов: Ошондой эле мага жеткен маалыматтар боюнча Атамбаев премьер-министр Сапар Исаковду колдогонун токтотуптур, ал кетет экен.  Азыр соодалашуу парламенттеги жаңы коалициянын композициясы жана спикердин кызматы кимге бериле тургандыгынын үстүндө жүрүп жатыптыр. Жаңы премьер-министр ким болору баарына баары бир болуп калыптыр. Ал орунга талапкерлер гана өздөрү кызыкпаса башка кызыккан киши жок дешет.

Эгер Атамбаев премьер-министр болом деп чыкса  кызыктын баары ошондо башталат. Бул албетте сандырак ой. 

Макул, ошенте берсин, кайра жакшы.  Ал президент учурунда чыгып алган бийиктен бизге, кир жерге, жылаңач түшүп,  аралашсын. Процесс  ылдамдай баштайт. Коңшулар бизден чума оорусун  табышат. Шекспир биякта эле калат.

Атамбаев эмнени кааласа Жээнбеков ага баарын берди. Бул жөн эле психика. Кыргызча ич күйдүлүк. Жөнөкөй тилде айтканда  – кызганыч, көрө албастык.  Бийликтен кеткен кишилердин  100%ы ушинтип башын жоготот. Биздин эски пациент Атамбаевди айтпай эле коёлу. Бирок, мен эки ай өтпөй эле  ушинтип чыгат деп күтпөгөн элем.

Динара Ошурахунова: Ошондой болуптур. Жулунганы чын экен, бирок тиги түртүп салыптыр, бир жумадан бери уу-дуу сөз жүрүп жатат. Билермандар эмес, имишчилердин арасында – мамлекеттик резиденциянын кызматкерлери жеткирип жатышыптыр…

Байсалов: Ооба, мен да бир нече күндөн бери угуп жатам, бирок ишенбей жокко чыгарып турдум эле.  Анан мени менен өтө олуттуу кишилер бул окуяны бөлүшкөндө  ойлонуп калдым, айтылгандын ондон бири чын болгондо да бул өтө олуттуу маселе да.

Динара Ошурахунова: Ал эмнени каалап жатканын билесиңерби? Толук баш ийүүнү жана анын каалаганын аткарып турушун талап кылып жатабы? Андай мүмкүн эмес да!!

Булак: Эдил Байсаловдун Твиттердеги баракчасы

Последние новости