www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын деталдуу планы дээрлик даяр болуп калды. Борбордук аймактарды камтыган бул долбоор бир айдын ичинде кабыл алынышы мүмкүн. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары бул документ дагы деле чийки экенин айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү пландын кечеңдегени коррупцияга жол ачып жатканын белгилешти. Бул боюнча маселелер Бишкектеги жыйында талкууланды.

Бишкек шаарынын башкы планына негизделген деталдуу пландоо долбоорунда адистер калаанын борбордук бөлүктөрүн гана эсептеп чыгууга үлгүрүшкөн.

Тагыраагы түндүк жагынан Жибек Жолу, түштүк жагынан Ахунбаев көчөсү, чыгыш жагынан Курманжан Датка – Шабдан Баатыр көчөлөрү (мурдагы Алматы көчөсү) жана батыш жагынан Садырбаев – Фучик көчөлөрүнүн ички жагы каралган.

Архитекторлор бул ортолукта үйлөрдүн, имараттардын жайгашуусун жана бийиктигин, жол жана транспорт маселелерин уюштурууну, мектеп, бала бакча жана башка социалдык жайлардын санын киши башына жараша курууну аныкташкан. Жашылдандыруу жана ирригациялык иш-чаралар да камтылган. Адистер жолдогу тыгын маселесин чечүү үчүн каттамды жеңилдетчү кошумча жана айланма жолдорду салууну сунушташкан. Ага улай алар борбордук бөлүктө жер үстүнөн жүрүүчү алты метро (трамвай сыяктуу) линиясын куруу керектигин белгилешет.

Бишкекте метро куруу боюнча айрым эксперттер муну сыйкырдуу күч менен эле курулбаса бул элди алдаган дагы бир маневр деп эсептешет. Дегеле метро куруу түшкө кирчү иш. Жолдорубуз тыңыраак оңдолбой жатса, кайдагы метро?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости