www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,18-мартта Шабдан Баатыр көчөсүн Чүй проспектисинин түштүк тарабына чейин “7-апрель” көчөсү деп аталды. Ал эми, Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр деп өзгөртүлөт. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алды.Бирок мындай өзгөртүү чоциалдык тармактарда талкуу жаратты. Айрымдарын окурмандарга сунуш кылабыз.

“Бишкек шаардык кенешинин депутаттары Мээрбектин айтканын угуп, Шабдан баатыр көчөсүн “7-Апрель” деп атоого макулдук бериптир. Бул эмне дегендик? Мисалы, Шабдан баатырды тарыхый инсан катары тааныйм, Апрелчилерди тааныбайм. Анткени, беш жыл Улуу Ата Мекендик согушта кан кечкен аталардын алдында мааниси жогураак. Алар Советтер Союзунун курамына кирген өкөлөр менен кошо сырттан кирген душмандардан эл-жерди коргоп, каза табышты, айрымдар менин атама окшоп аман кайтты. Апрелчилер Ак үдөгү чандайган кап курсактар менен алты-жети күн алышты. Ошондо кандай болуп калат. Улам "кийинки чыккан мүйүз озуп" эле мурункулардын эмгегин жокко чыгара береби? Мындай болбош керек...", деп жазат журналист Канышай Мамыркулова.

Асен Нуралиевич. 7 апрель тарыхый олуттуу күн дегенге эрте. Себеби ошол кандуу окуяны эч кимиси актай алган жок,эч нерсе өзгөргөн жок.Ошол эле система, ошол эле жашоо. Өлкөдө саясий реформа болуп,жашообузда олуттуу өзгөрүү болсо анда башка кеп.

Урматбек Кулматов Ооба ач иттерди кууп жиберип сук иттерге карматышты

Ырысбек Омурзаков Шабдан баатыр" дегенден көрө "Каракчылар" көчөсү аталып калсын дешкен го, депутаттар.

Бул искейлер качан көттөрү менен ойлонбой, баштарын иштетишет? Бул Мээрбектин сөзү эмес. Бул АШАнын буйругу...

Азамат Кулукеев Менда ишене албай жатам...эгер ошо 7- апрель окуясы өзүн актаганда...мамлекет алдыга жылып катуу өзгөрүү болгонунда анда кеп башка эле....тескерисинче кышта тоңдуго бишкек,386 млнго тоңдуго

Жолдош Орозов Ушунчалык төмөн денгээлге түшүп калдык, аттиң.

Жумабаев Авланбек Мээрбекти тепкилебей мэрди тепкилегиле. Шаар депутаттарын бирден чакырып чекеге чертип чыкса керек...

Камара Касымбаева Менин сунушум, негизи Апрель Революциясы Алматы көчөсүндөгү "Форумдан" башалган. Биз баарыбыз Форумга чогулуп, ошол жерден Ак үйдү көздөй барганбыз. Ошондуктан Горький көчөсүнөн төмөн карай "Апрель көчөсү " деп атаса болот. Ар бир нерсенин тарыхый ордун туура аныктап, ошондон кийин " Ала кушту" атынан аташ керек деп ойлойм.

Chyngyz Akimov Шаардык депутаттар Шабдан баатыр ким экенин билбесе керек...

Белгилей кетсек, мындан ары Шабдан Баатыр көчөсүн Чүй проспектисинин түштүк тарабына чейин “7-апрель” көчөсү деп аталат. Ал эми, Чүй проспектисинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр деп өзгөртүлөт.

Эске сала кетсек, Мээрбек Мискенбаев, “2010-жылы 7-апрель күнү канчалаган жигиттерибиз кайтыш болду, ошолор Шабдан баатыр көчөсү менен өтүп кайра артка кайтпай калышты. Андыктан ушул көчөнүн атын “7-апрель” деп атоо керек” деп, айткан эле.

 Алсак, апрель революциясы өз максатына жеткен жоктугу эл арасында акыркы күндөрү көп айтылууда. Бир эле мисал ТЭЦдеги 386 млн АКШ долларынын акчасы ик-жиксиз жоголуп кетиши, кычкачтардын 600 далларга сатылып алынышы жана башкалар.

Баса, 2010-жылдагы 10-апрель окуясын БУУ “мамлекеттик куралдуу төңкөрүш”, деп чечим чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости