www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын «чырагы» бойдон кала берерин билдирип, бул пикирин The Liberum гезитине берген маегинде ачык айтты. Анын айтымында, Кыргызстан аймактагы эң өнүккөн шайлоо институттарын түзүп, парламенттик жана президенттик шайлоолорду ырааттуу түрдө эркин жана адилет өткөрүп келе жатат.

Байсалов өз сөзүндө кыргыз элинин көчмөн мурасын баса белгилеп, өлкө эч качан борборлоштурулган автократиялык башкарууга таянбаганын, тескерисинче, тар элитанын кызыкчылыгына кызмат кылган системаларга каршы күрөшүп келгенин айтты. Анын пикиринде, демократия артыкчылыктуу топтор үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.

Бирок коомдо жана эксперттик чөйрөдө бул билдирүүлөргө сынчыл көз караштар да жок эмес. Айрым саясат таануучулар Кыргызстанда шайлоолор формалдуу түрдө эркин өткөнү менен, административдик ресурс, медиага болгон басым жана оппозицияга карата теңсиз мамиле сыяктуу маселелер толук жоюла электигин белгилешет.

Ошондой эле акыркы жылдары: парламенттин ролу алсырап, аткаруу бийлигинин таасири күчөп, жарандык коом менен бийликтин ортосунда ишеним солгундап баратканы айтылып келет.

Бул жагдайлар Байсалов сүрөттөгөн «демократиянын чырагы» деген образга толук шайкеш келбей турганын соцтармактын колдонуучулары жазып чыкты.

Эдил Байсалов эл аралык аудиторияга багытталган билдирүүлөрүндө Кыргызстанды демократиялык үлгү катары көрсөтүүгө умтулуп келет. Бирок ички саясий процесстерге көз салган жарандар үчүн демократия сөз менен эмес, иш жүзүндө – адилет сот, эркин медиа, чыныгы атаандаштык жана жоопкерчиликтүү бийлик аркылуу өлчөнөт.

Кыргызстан демократиялык жолду тандаган өлкө экени талашсыз. Бирок аны «Борбор Азиядагы демократиянын чырагы» деп атоо үчүн: шайлоолор гана эмес, бийликтин бардык бутактарынын тең салмактуулугу, адам укуктарынын сакталышы, коррупцияга каршы реалдуу күрөш иш жүзүндө камсыз болушу зарыл.

Чындыкты айтуунун мааниси, албетте, коомдук өнүгүүгө жана социалдык адилеттикке чоң таасир этет. Эгер бийлик чындыкты жана адилеттикти көздөп иш-аракет кылса, бул элдин ишеними жана кубанычы үчүн негизги фактор болуп саналат.

Тилекке каршы, чындыкты айтуунун кыйынчылыктары да бар. Көп учурда чындыкты айтууга каршы кыйынчылыктар, коркуу же башка жеке кызыкчылыктар пайда болушу мүмкүн. Бирок, чындыкты айтуунун узак мөөнөттүү пайдасы, кыска мөөнөттүү кыйынчылыктардан жогору турат. 

 Чынбы Эдил Жолдубаевич?!

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews

Последние новости