www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) жаңы курулуп жаткан медициналык клиникасынын иши менен таанышты. Иш сапарга тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушууда ректор Кудайберди Кожобеков жаңы клиниканын мүмкүнчүлүктөрү, заманбап жабдуулары жана студенттер үчүн практикалык базасы тууралуу маалымат берди. Бул борбор жети кабаттан туруп, жалпы аянты 20 миң чарчы метрди түзөт. Ал 312 орунга ылайыкталып, лаборатория, күндүзгү стационар, төрт операциялык бөлүм, 300 орундуу лекциялык зал жана 12 окуу каанасы менен камсыздалат.
Клиника заманбап талаптарга ылайык курулуп, коопсуздук, инновация жана инклюзивдүүлүк принциптерине басым жасалууда. Бул жерде боор, бөйрөк, чучук-сөөк трансплантациясы, микрохирургия, жандандыруу, гепатология, офтальмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология жана диагностика багыттары иштейт.
Мындан тышкары делегация университеттин учурда иштеп жаткан медициналык борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышып, жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу маалымат алды. Клиникада бүгүнкү күндө боор трансплантациясы, бөйрөк алмаштыруу жана жүрөк-кан тамыр операциялары сыяктуу 100дөн ашуун татаал операциялар ийгиликтүү аткарылып келет.