www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Марлен Маматалиев транспорт тармагына тиешелүү инновациялык ыкмаларды талкуулаган конференцияга катышты

Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулган «Транспорттук системаларды интеграциялоо шарттарында транспорттук процесстерди моделдөөнүн инновациялык ыкмалары» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. 

Алсак, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кытай Эл Республикасынын Сунь Ят-Сен университети биргелешип уюштурган эл аралык конференцияга Кыргызстандын, Россиянын, Кытайдын, Литванын, Казакстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары катышып, илимий баяндамаларды жасашты. 

Алгач Төрага Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, азыркы шартта транспорт жөн гана адамдарды же жүктөрдү ташуучу система эмес, экономиканын кан тамыры экенин белгилөө менен: «Өзгөчө Кыргызстан сыяктуу деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн транспорт системаларын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат» – деди. 

Ошондой эле өз баяндамасында транспорт жана жол тармагына байланышкан инновациялык өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылган Төрага: «Өткөн жылдын башында Кытай мамлекети учуучу таксилерди, тагыраагы, автономдуу жүргүнчү дрондорун иштетүүгө уруксат берди. Ал эми Дубайда 50 чакырымдык ылдамдык менен кызмат көрсөткөн дрон таксилер сыноодон өтсө, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде интеллектуалдык робот жеткирүүчүлөр пайда болду. Андыктан биз да ошол дүйнөлүк агымдан артта калбай, заманбап чакырыктарга ылайык, инновациялык технологияларды колдонууга басым жасашыбыз керек», – деди 

Бул үчүн транспорттук системаларды инновациялык технологияларга интеграциялоо жана санариптештирүү боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу зарылчылыгына токтолгон Төрага  Жогорку Кеңеш транспорт жана логистика тармагындагы мыйзамдарды күчтөндүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.  

Баяндамада айтылгандай, соңку эки жыл аралыгында жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө багытталган 20га чукул мыйзам долбоору кабыл алынган. 

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев акыркы беш жыл ичинде 3 миң чакырымдан ашык жол жаңыланганын мисал кылып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун мааниси тууралуу да сөз кылды. 

«Келечекте аталган темир жол курулса Кыргызстан жол туңгуюгунан чыгып, Улуу Жибек жолу кайрадан калыбына келет. Өлкөбүздүн соода байланышы дагы кеңейип, мамлекеттер ортосунда эле эмес, континенттер ортосунда да жаңы транспорттук каттам ачылат. Тагыраагы, Чыгыш Азиядан Түштүк Европа өлкөлөрүнө баруучу жол 900 чакырымга кыскарат. Бул жүк жеткирүү убактысын 1 жумага үнөмдөөгө мүмкүндүк берип, жүк ташуу көлөмүн кыйла көбөйтөт» – деди Марлен Маматалиев. 

Жыйындын жүрүшүндө транспорт тармагын санариптештирүү, жасалма интеллектти колдонуу, шаардык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, жол коопсуздугу жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланып, Жогорку Кеңештин Төрагасы «Автотранспорт каражаттарын мониторингдөө системасын иштеп чыгуу» темасында да баяндама жасады. 

 

Последние новости