www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк авиакомпаниялар коронавирустан улам масштабдуу кризиске кабылуу коркунучунда. Буга чейинки кризистен араң бутуна турган өндүрүштү миллиарддаган чыгымдар жана акыркы он жылдагы эң оор жыл күтүп турат. Бул тууралуу BBC маалымат агенттиги жазып чыкты.

Кыйынчылыктын биринчи эпкини регионалдык британдык Flybe компаниясына тийди. Көптөн бери банкрот болуу коркунучунда турган компанияга коронавирус акыркы сокку болду. Британдык Flybe бир нече майда региондорду тейлеп келген эле. Анын ишин токтоткону бир гана 2400 кызматкерди жумушсуз калтырбастан, ошол алыскы региондордун экономикасына дагы залакасын тийгизет.

Башкалар азыр болгон күчү менен кармалып турат. Эки апта мурун Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) авиакомпаниялардагы капиталдын айланышы коронавирустан улам 30 млрд долларга кыскарганын айткан. 5-мартка карата бул сандар 63 млрд долларга жети.

Эгерде мындай кырдаал узакка созула турган болсо, жоготуулар 113 млрд долларга чейин жетиши мүмкүн деген кооптонуу бар.

2000-жылдардагы АКШда болгон теракт, андан кийинки SARS вирусу, дүйнөлүк каржы каатчылыгынан соң 2010-жылдарга барып авиакомпаниялар үчүн он жылдык ренессанс болгон эле. Аба каттамдарына талап жогорулаган, өзгөчө Кытай тараптан, компаниялар кирешелүү иштей баштаган. Кыйынчылыктын баары артта калгандай сезилген. 2019-жылдагы соода согушу, брексит жана бир катар геосаясий маселелерди эсепке албаганда, баары бир кирешелүү жыл болду. 2020-жылы мындай болот деп эч ким күткөн эмес.

Жаңы жыл алдында IATA дүйнөлүк авиация орточо кирише 4 пайызга өсөт деп күтүп жаткан. Эки айдан кийин киреше эмес, араң чыгымдарын актаганга өтүштү.

British Airways, KLM, Lufthansa, United жана башка эл аралык каттамдар маршруттук түйүндөрүн кыскартып, инвестиция жана ижараларын тоңдурду. "Аэрофлот" бир катар багыттар боюнча, анын ичинде Гонконгго каттамдарын токтотту. Ryanair, EasyJet жана Wizz Air ушундай эле чараларды кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости