www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавирус тууралуу өкмөт башчы Абылгазиев маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат берди.

Абылгазиев алгач Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөн маселелер тууралуу сөз козгоп, рублдин куну түшүп кеткени тууралуу маалымат берди жана кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи. 

 "Бул өтө кооптуу жана бизге коронавирустун келүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. Андыктан буга чейинки текшерүү иштери дагы күчөдү. Эки күндөн бери ундун баасы кымбаттап кеткени тууралуу маалыматтар тарап, элди дүрбөлөңгө салды. Дүйнөдөгү оор кырдаалды жеке кызыкчылыгына пайдаланып, акча табууну көздөгөндөр болду. Биз буларга жол бербөө максатында иштерди алып барып жатабыз.

Чек ара жабылды деген да маалымат тарады. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, товарлардын жүрүшү боюнча эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Текшерүү гана күчөйт. Монополияга каршы кызматка тапшырма бердик. Ундун баасын иликтеп чыгып бир бааны коюшат жана аны көтөрүп жиберүүгө карата иш-чаралар көрүлөт. Албетте, алдын ала кылуу керек болчу деген сындар айтылды. Бирок биз ишкерлербизден мындайды күткөн эмеспиз”, – деди өкмөт башчы Абылгазиев.

Өкмөт башчы чек аралар ачык болушуна Кыргызстан гана эмес, Казакстан дагы кызыкдар экендигин кошумчалады.

Кыргызстандын Өкмөтү буудай сатып алуу үчүн 220 миллион сом бөлдү.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда бюджет жана финансы боюнча биринчи вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында мыйзам Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы азык-түлүктүн көлөмүн айтууга тыюу салат.

“Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда азык-түлүк, анын ичинде унудун кору (запас) жетиштүү. Министрлер кабинети буудай сатып алуу үчүн 220 миллион сом каражат бөлдү”,-дейт Асрандиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости