www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Температура  30 градуска ысыганда коронавирус дароо жок болуп кетет деген божомолдор анчалык негиздүү эмес. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын Илимдер академиясынын кызматкери, медицина илимдеринин доктору Борис Ревич билдирди.

Анын айтымында, "Абанын температурасы канчалык көтөрүлгөн сайын коронавирус ошончолук алсызданат деген жөн гана айрымдардын фантазиясы. Ойлоп көрсөңөр, вирус кышкысын 10 градус жылуу болгон Ухань шаарынан келди", деген Борис Ревич.

Эске сала кетсек, Кытайдан тараган коронавирус учурда бүт дүйнөнү кооптондуруп, пандемияга айланган чагы. Ага Италия баш болгон европа өлкөлөрү көбүрөөк кабылды. Ал эми Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 адамга жетти. Кыргызстан бийлиги болсо, учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости