www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-сентябрда Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар башталат. Анда коопсуздукту жана коомдук тартипти 3,5 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу облустук ИИБден билдиришти.

ИИМ башчысынын орун басарлары Октябрь Урмамбетов жана Суюнбек Ниязбековдун катышуусунда өткөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралар, ошондой эле курулуш объекттеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чаралары талкууланды.

Кызмат өтөөнү уюштурууну күчөтүү, өздүк курамдын даярдыгын жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүсүн камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү жана коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости