www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы борбордун турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Алимбек Абдылдаевдин жетекчилиги астында 8 ай ичинде көчө жарыктарын модернизациялоонун жылдык планын аткарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билидиришти.

Жыл башында шаар мэри Азиз Суракматов ишкананын иш планын аныктады - борбордун төрт районуна 10000 светодиоддук лампаларды орнотуу.

22-сентябрда муниципалитет он миңинчи чыракты орнотуп, 206,6 км аба электр чубалгыларын орнотту. Жалпысынан 664 көчө жарыктандырылды.

Мэрия эки миңге жакын бетон фундаменттери жана ошончо пол полодоктору даярдалган өзүнүн цехин ачып, натыйжалуу башкаруунун аркасында иштин көлөмүн бир кыйла көбөйтө алды.

"Жарык берүү" иштери уланууда.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиздин көчөдө капыстан караңгы түшүп калса, анда компаниянын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости