www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогулда санитардык нормаларды сактоо боюнча алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан алдын алуу иш-чаралары уюштурулуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте COVID-19 илдетинин жайылышынын алдын алуу, санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, эт сатуучу жана тамактануучу жайларды текшерүүгө алышты.

Белгилей кетсек, санитардык нормаларды сактабай ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан эки тойканага КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси (ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протокол түзүлүп, 3000 сомдон жалпы 6000 сом айып пул салынды. Бирок алдыда дагы мааракелерди өткөрүүгө буюртмаларды кабыл алган ресторандардын буюртмалары токтотулуп, 26- сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды.

Штабтын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди. Токтогул РИИБдин жетекчилиги тарабынан бул сыяктуу алдын алуу иштери алдыда дагы улантыла тургандыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости