www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран өлкө чек арасынан Арменияга курал жана аскердик каражаттарды ташыды деген маалыматтарды четке какты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Саид Хатибзаде айтылгандар тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Бул тууралуу айтылгандарды жалганга чыгарган Хатибзаде : «Иран өз чек араларынан транзит өткөн товарларды абдан көңүл коюу менен текшерүүдө жана керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Иран чек араларынын курал жана ок  - дары үчүн колдонулушуна уруксат бербейт»,- деди.

Иран менен коңшу өлкөлөрдүн арасындагы аскердик эмес товарлардын өтүшүнүн ар дайым болгондой эле улантылып жаткандыгын билдирген Хатибзаде курал ташыган деп айтылган жүк ташуучу машиналардын да соода товарларын ташыгандыгын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости