Бөлүштүрүү планга ылайык, төмөнкүдөй жүрдү:

Бишкек ш. – 27000;
Чүй облусу – 24000;
Ош ш. – 5000;
Ош облусу – 18000;
Жалал-Абад облусу – 17643;
Баткен облусу – 9000;
Ысык-Көл облусу – 9000;
Нарын облусу – 5000;
Талас облусу – 5000 доза.

Бүгүнкү күндө, вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2%ы колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, республиканын бардык ҮМБларында (ҮБДТ, ФАП) тобокел тобуна кирген адамдарга, ошондой эле социалдык- аярлуу топко кирген (өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, 65 жаштан жогору адамдар, кары үйлөрүнүн жашоочулары, кош бойлуу аялдар, медициналык кызматкерлер, мектеп-интернатында, балдар үйүндө тарбияланган балдар) адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Булак: NazarNews.kg