www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жо Байденди Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Улуу Британиянын Эмгек партиясынын мүчөсү Крис Брайант Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине «Демократиялык» партиясынан талапкер болгон Жо Байденди Нобель сыйлыгына көрсөттү. Бул тууралуу Evening Standard жазды.

 "Башкалар маселени зордук-зомбулук жолу менен чечкенде, Байден эң мыкты күч — бул ынандыруу күчү экендигин көрсөттү. Себеби, курал менен жүрөктүн кагышын токтотууга болот, бирок туура тандалып алынган сөздөр көптөгөн жүрөктөрдү өзгөртө алат жана көптөгөн жүрөктөр дүйнөнү өзгөртөт", — деди Брайант «Evening Standard» гезитине берген маегинде.

Буга чейин Байдендин оппоненти АКШнын президенти Дональд Трамп да Нобель сыйлыгына үч жолу көрсөтүлгөн болчу. Трампты Норвегиянын «Прогресс» партиясынын депутаты Кристиан Тибринг-Гедде, Швеция парламентинин мүчөсү Магнус Якобссон жана австралиялык профессор Дэвид Флинт жана анын үч кесиптеши сунуштаган.

Белгилей кетсек, быйыл дүйнөлүк лидерлерден Нобель сыйлыгына АКШнын президенти Дональд Трамптан башка Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Орусиянын президенти Владимир Путин  жана орусиялык саясатчы Алексей Навальный да көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости