www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай шаарында 41 жаштагы жаран баңгизат сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, Мобилдик ыкчам бөлүмдөрдүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган атайын операция жүргүзүлүп, операция ийгиликтүү аяктаган.

"Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу, мыйзамсыз даярдоо) боюнча каттоого алынган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 41 жаштагы У.З. аттуу жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда анын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган", - деп билдирет Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат Афганистанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы "нашаа" баңгизаты болуп чыккан.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости