www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Назира Айтбекова:

120 депутаттын 108 кайра келе жатат. Болгондо да сөз эркиндигин тыйгандар, эркиндикти башка өлкөгө өткөрүп берчүлөр, өлкөнү соодалап сатчулар, ток балдар, көздөрүн май баскандар келе жатат! Таразанын бир ташында ушулар берки ташында элден чыккандар, жаңы жүздөр, акылдуулар бар. Шайлоо баарын чечет! Эл - чоң күч! Күчүбүздү билбей жатабыз! Шайлоого жылда 1.5 миллион эле адам катышат. Калганы кайдыгер болуп жатып алат. Анын жарымы акчага сатылгандар!

Шайлоого жарамдуу элдин саны 3.5 миллион эл! Мурун барбай, кайдыгер карап жүргөндөр, ойгонгула!!! Сенин добушуң - улуу күч! Ошон үчүн сатып алганга аракет кылып, чуркап жүрүшөт! Акчасын алган күнү да кабинага киргенде сен жана сенин тандооң калат! Кимге шайлаганың билинбейт! Тандап шайла! Дебаттарды Ютубдан көрүп чыккыла! Ар бир партия менен тааныш болгула! Эче жылдан бери саясатта жүрүп, жерин, элин саткандардын таттуу тилине кирбей, жаңы, жүрөгүндө жалыны барларды, эскиликтен тажап, жаңы нукка бараткандарды шайлагыла!!!!

Тандоо көп! "Баарына каршы" дегенде жеңилебиз! Кайра эле көпөстөр келет! Элдик партияларда акча жок. Калып калышат алар! Ойгон, элим! Бир туралы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости