www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таштагы окуялар боюнча сот жараяны уланууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев судьядан процесстин ишине катышуу үчүн Атамбаевдин жеткирилишин камсыздоону суранды. Отурумга төрагалык кылган Марат Сыдыков өтүнүчтү канааттандырды. Мурунку мамлекет башчы кийинки отурумга 2-октябрда алып келинет.

Белгилей кетсек, буга чейин сот залдагы тартипти бузгандыгына байланыштуу сот айыпталуучу Атамбаевдин процессте катышуусуна тыюу салгандыгын белгилегенбиз.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ал башка дагы бир топ оор беренелер боюнча айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости