www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испания улуттук изилдөөлөр кеңеши андан мурда бар экендиги сүрөттөрдө гана билинген мазар бакчаларынын үлгүлөрүн биринчи жолу Египеттеги казууларда ачыкка чыгарылгандыгын билдирди.

Профессор Хосе Мануэль Галандын жол башчылыгындагы топ биздин заманга чейинки  2000 – жылдардан калган калдыктардын Египетте Жогорку жана Төмөнкү Нил королдуктарынын биринчи жолу борбору болгон Теб бириккен бир королдукка айланган 12 -  династия мезгилине таандык экендигин белгиледи.

Аска ичине оюлган бир мазардын кире беришинде орун алган бакча 30 сантиметрдик капастуу бөлүмдөрдөн турат жана ар бир бөлмөгө мазарда жата турган кишинин калтырган керээзи боюнча  символдук мааниси болгон дарак жана өсүмдүктөр эгилген.

Эски Египет цивилизациясында мазар жана мүрзөлөрдүн турмушту жана  өлүмдү маанилүү кылган каражат экендигин белгилеген Галан : «Бул жердеги табылгалар бизге бир гана диний ишеничтер тууралуу маалыматтарды бербестен ошол эле учурда күнүмдүк  турмуш, физикалык чөйрө жана ал түгүл климатка байланыштуу кенен мүмкүнчүлүктөрдү берет»,- деди.

Мазар бакчасы менен бирге дуа кылуучу бөлмөсү да ачыкка чыгарылды. Бул кошумча курулган жердин  биздин заманга чейинки 1800 – жылга туш келген 13 -  династия мезгилине таандык экендиги белгиленүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости