www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең менен үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
 Борбор калаада 19 жаштагы Айзат Айтпекова аттуу кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары билдирди.
Алардын айтымында, Айзат Айтпекова 6-май күнү эртең мененки саат 8:00дө "Төмөнкү Жалга" такси чакырып кеткен. Ал жактан Айзат көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан түшүп калып, телефонун өчүрүп, ошол бойдон туугандары менен байланышка чыккан эмес.

Баткенде милицияны капотко жаткырган бойдон сүйрөп кеткен видео тарады "Биз көп кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен сүйлөштүк, бирок эч кандай маалымат ала алган жокпуз. 8-май күнү ал уюлдук телефонун Политехникалык университетинин аймагынан жандырган, бирок бир нече убакыттан кийин кайра өчүп калды. Буга чейин ал минтип жоголчу эмес. 
Аны милиция менен издей баштадык", — деди туугандарынын бири.

Айзаттын курбу кыздарынын айтымында, ал Рустам аттуу бала менен жолугуп жүрчү, бирок алар баланы жанынан көрүшкөн эмес. Айтпекова менен университетте бирге окугандардын айтымында, ал акыркы айда сабакка да келбей калган. "Айзат менен бирге окугандар аны уюлдук байланыш компаниясына кызматчы болуп орношууга аракет кылып жүргөнүн айтышып, тажрыйба топтоого эртең менен барып кечинде чыгып жаткан болуш керек деп божомолдошкон", — деди Айзаттын тууганы.

 

Последние новости