www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгынын урматына шаар тарыхында биринчи жолу “Өлбөс полк” жүрүш жасады. Ага шаардагы мекеме-ишканалардын, коомчулуктун өкүлдөрү жана согуштун катышуучуларынын урпактары катышышты.

Эртең менен шаар тургундары, мекеме-ишканалардын жамааттары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары Ленин жана Кыргыз Республикасы көчөлөрүнүн кесилишинде жыйналышып, колдоруна согушта катышкан каарман аталардын потреттерин, Кыргыз Республикасынын тууларын көтөрүп, “Жеңиш” паркына карай жүрүш жасашты. Бул Улуу Жеңишке арналган салтанаттуу-реквием жүрүштүн башында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгүнүн жана шаардын жетекчилери, Ооганстандагы жана Баткен аймагындагы согуштардын катышуучулары болушту. Мындай жүрүш Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу өтүп жатышы менен бараандуу болду.

Улуу Жеңишке арналган расмий салтанат шаардагы “Жеңиш” паркында өтүп, ал жерде областтын жана шаардын жетекчилери, согуш ардагерлери жана “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышкандар Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Улуу Жеңишке арналган жыйын учурунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн областтагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана шаардын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди, ооруктун катышуучуларын жана туткунда болгондорду, алардын урпактарын куттукташты. Жыйындын аягында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арнап Куран окутулду.

Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүнүн, областтык филармониянын өнөрпоздору майрамдык салтанаттын катышуучуларына чоң программадагы концерт коюшту. Ушундай эле чоң программадагы концерт борбордук “Курманбек” стадионунда улантылды. “Жеңиш” жана Токтогул эс алуу бактарында спорттук оюндар уюштурулду.

Эскерте кетсек, өз мезгилинде Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы катпай калган. Азыркы тапта шаарда 11 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке салым кошушкан 8 ардагерлер катарда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости