www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин NazarNews сайты кыргыздын эң алдыңкы модель кыздарын коомчулукка таанытуу максатында “Сулуу жан” аттуу жаңы рубрикасын ачты. Бул рубрикадан ай чырайлуу кыздар тууралуу кеңири маалымат алып, алар эмгектен сфера тууралуу кеңири маалымат аласыздар! Бүгүн бизде мейманда Кыргызстанда эң алгачкы андрогин модель Асан Бердибаев болмокчу.

- Моделдик бизнеске эмне болуп, канча жашындан баштап аралашып калдың?

- Апамдын жардамы чоң деп айтсам болот. Моделдик бизнеске 12 жашымдан баштап аралашкам. 12 жашымда алгачкы кастингге келгенимде калыс мүчөлөрү менин келбетимди көрүп “Бул бала топ модельдердин катарына кирет” деп айтышкан. 15 жашыма чейин модель болуп иштеп келгенимди жакындарыма сыр кылып жүргөм. Бирок, иштеп болуп заказ алып келгем.

- Кыргызстандагы жалгыз гана андрогин моделсин. “Андрогин” деген сөз эмнени билдирет. Түшүнүк берсең?

- Андрогин модель-бул подиумда жана камера астында кыздын да баланын да образын жаратып чыгат. Жөнөкөй жашоодо эркек бала боюнча жашап келет. Модель андрогиндердин параметри кыздардай эле болот. Мисалы, менин параметрим 7 жылдан бери 88-58-88 болгон болсо, азыркы учурда 88-60-88 болуп турат. Андрогин модель болуу оңой иш эмес. Бутуна бийик шиш таканы кийип подиумга чыгууга да бир эрдик керек. Андан сырткары андрогин модельдердин келбетинде жана денесинде түк деген болбошу керек жана келбети кыздардыкындай таза жана назик болушу керек. Андрогин модель кыскача айтканда подиумда, камера астынды эки жыныстуу адам.

- Эмне болуп андрогин модель болуп калдың?

- Мен 2011-жылдын июнь айында Кореянын “Top Model Asia 2011” сынагына катышууга жолдомо алгам. Ал жерден жакшы мен тууралуу жакындарыма жакшы сунуштар, пикирлер түшүп, Чонжу шаарында алгачкы жолу мода жумалыгында кыздын образын жараткам. Ошондо алгачкы жолу 21 см каблукту бутума кийип, кыздын көйнөгүн кийип чыккам. Бул мода жумалыктан кийин мен кыздын образын көбүрөөк жарата баштадым.

- Биздин өлкөдө модель болуп жан багып, байыса болобу?

- Кыргызстанда жан багып, байыганга болбойт. Ал эми чет өлкөдө болот. Бирок, ар бир модельдин өзүнүн иштөө графиги 18 сааттан болгондуктан, чет өлкөдө көпчүлүк моделдер иштеп кете албайт. Мен жанымды багуу үчүн болгон күчүмдү жумшап, тынбай иштейм. Ар кандай сынактарды, иш чараларды уюштурам. Бизге коңшулаш жана Европа мамлекеттери менен да кызматташып турам.

- Сен тарапка айтылган сын-пикирлерге кандай карайсың?

- Сын пикирды жакшы кабыл алам. Бирок, менин артымдан сүйлөгөн адамдарды жаман көрөм. Менин оюмча ар бир кишинин өзгөчө жашоого акысы бар. Эч бир адам менин кел бетимди, баскан-турганымды  ушактаганга акылары жок. Мен Кыргызстандын эркин креативдүү баласымын. Мындан сырткары Европанын жаштарын колдоп же болбосо туурагым келбейт. Мен кыздын образын жаратсам да, эркекмин.

- Подиумда кимдин образын жакшы чагылдырып бере аласың экркектинби же кыздынбы?

- Менин оюмча кыздын да баланын да образын эң бийик деңгээлде көрсөткөнгө аракет кылам. Кыскасы мага подиумга чыккан жагат. Азыркы учурда эки образды тең эң мыкты деңгээлде аткарып калдым. Анткени, көп жылдан бери бул тармакта жүрүп баарын үйрөндүм.

- Подиумдан сырткары өзүңдү кандай алып жүрөсүң. Чыныгы мырзаларга тиешелүү сапаттарга ээсиңби?

- Менин жөнөкөй жашоодо өзмдү алып жүрүшүм көпчүлүк элге жагат. Менде чыныгы мырзаларга тиешелүү саппаттар бар. Мен кадимки эле эркек баламын. Мен да кыздар менен сүйүү мамилесин курам. Бирок, өзүмдү мактагым келбейт. Менин чыныгы жашоомду эч бир киши туура айталбайт. Сүйлөшкөн кызым да бар. Ал дагы мода тармагында иштейт.

-С ени кээде айым экен деп мырзалар тийишкен учурлар болобу? Ошол учурда алардан кантип кутуласың?

- Андай учурлар көп болот. Мисалы, мага буга чейин “Lexus”, “Camry”, “BMW”, “Hammer” жана башка үлгүдөгү авто унаалар жаныма келип токтогон. Кыздардын кийимдерин кийип көчөгө чыгып алсам дароо эле мырзалар тийишип калышат. Эркектердин биринчи сүйлөгөн сөзү “Чоң кыз таанышып албайлыбы? Жүрүңүз үйүңүзгө жеткирип коём” дешет. Анан мен аларга “Мен эркекмин” деп жооп берсем, алар таң калышып, кечке карашып кечирим сураган учурлар көп болот. Бирок, азыркы учурда мындай нерселерге анча эле маани бербей калдым. Андроген болом деп ар кандай кырдаалдарга көп кабылдым. Баарына көндүм. Башында жиним келип, маанайым түшө берчү.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости