www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо органы эгиз балдарын өлтүрүп, андан кийин өзүн өлтүрмөкчү болгон Казандын тургунуна карата кылмыш ишин козгошту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Буга чейин күч түзүмдөрүнө 33 жаштагы аял 7 жаштагы эгиз балдарын өлтүрүүнү көздөп, экөөнө тең бычак сайгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө эгиздердин бири каза болуп, бири ооруканага жаткырылгандыгы белгилүү болгон.

Окуя боюнча полицияга аялдын жолдошу маалымдаган. Кылмыш иши боюнча аялга РФнын Жазык кодексинин “жашы жете электерди өлтүрүү”, “эки же андан ашык адамды өлтүрүүгө аракет кылуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөчүлөрдүн айтымында 33 жаштагы аял балдарын бычактап, андан соң өзүн өлтүрүүнү көздөгөн, бирок бул кадамга эмне себеп болгондугу тактала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости