www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиядагы Комодо Константинус Муга улуттук паркынын кызматкери эң чоң эчкемерлердин( кескелдриктин бир түрү) мушташына күбө болду. Бул тууралуу Daily Mail билдирди.

Маалым болгондой, биринчи эки эчкемер мушташып баштаган. Кадрларда көрүнүп тургандай эки эчкемер мушташып, бирөө экинчисин жерге жыгытып, үстүнөн аны тургузбай басып алган. Андан кийин аларга дагы эки эчкемер кошулган.

“Мен эки эчкемердин мушташын көп көрдүм. Бирок, мындай топ менен мушташууну биринчи жолу көрүп жатам. Алар жалпы 10 мүнөт мушташышты жана бул укмуштуудай болду. Алардын бири да жаракат алган жок”,-дейт видеонун автору.

Кызматкердин айтымында, жеңишке жеткен эчкемердин узундугу 2,5 метр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости