www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 86 миңден ашты

Коронавирустан дүйнөдө каза болгондордун саны 2979 жетсе, жуктуруп алгандардын жалпы саны 86 миңден ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан кабарлады.

Маалыматка караганда, дүйнөдө кеминде 2979 адам каза тапса, анын ичинен жүздөн ашыгы башка өлкөлөрдө, калганы Кытайда көз жумган.

Кытайдын Ухань шаарында жайылган бул илдет 63 мамлекетти кучагына алган. Алардын ичинен эң көп жабыркагандар Иран, Италия, Жапония жана Түштүк Корея болууда.

Иранда каза тапкандардын саны 54кө жетти деп расмий кабарланууда. Бирок эксперттер бул чыныгы көрсөткүчтөн алдаганча аз болушу мүмкүндүгүн, бийлик чыныгы абалды жашырып жатышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Британияда 23 адам вирус жуктуруп алганы ырасталган. Өлкө бийлиги пенсияга чыккан медиктерди кайра ишке тартышы мүмкүндүгү кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости