www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кордайда 11 кишинин өлүмүнө алып келген улут аралык кагылышуу аткезчилик менен алектенген эки кылмыштуу топтун бизнес талашынан улам келип чыкканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Бул тууралуу ал 1-мартта Жамбылдагы Каракемер айлынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

— Аймакта аткезчилик менен алектенген кишилер бар экени белгилүү. Бул бизнеске башка топтор да кошулгусу келген. Бир сөз менен айтканда, мыйзамсыз кирешелерге көзөмөл жүргүзүүнү каалаган эки кылмыштуу топтун арасында жаңжал чыккан. Натыйжада көп киши жабыркады, 11 адам өлдү, – деген Токаев.

7-8-февралдагы жаңжал жалпысынан Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында болгон жана окуя 11 адамдын өлүмү менен аяктаган. Дагы ондогон киши жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 30дай турак жай, 17 соода имараты жана 50дөй машине өрттөлүп, талкаланган. Кагылышка байланыштуу 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости