www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында “Тез жардам” кызматынын түйшүгү жеңилдеди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине мекеменин реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, соңку күндөрү телефон чалуулар, кайрылуулар азайганы байкалат, бирок жумуш абал кайра курчушу ыктымалдыгын эске алуу менен жүрүп жатат:

“Муну биз жалпы эпидемиологиялык абалдын жакшыруусу жана күндүзгү, түнкү стационарлардын активдүү иши менен байланыштырып жатабыз. Бейтаптарды ооруканага жаткыруу маселеси да турукташып калды. Буга чейин алып барган бейтапты ооруканалар кабыл албай жаткан. Бирок эпидемиолог адистердин мындай жакшы көрүнүш убактылуу болушу ыктымал деген эскертүүсү бар экенин да эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан күчөтүлгөн тартипте иштөөбүздү токтото элекпиз”.

Борисов кошумчалагандай, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери “Тез жардамга” кайрылгандардын эң көп учуру 29-июнда катталган. Анда бир сутка ичинде 5 миңден ашуун кайрылуу болгон.

Кечээ бир суткада кайрылуулардын саны 2 миңге жеткен жок.

24-июлга карата Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 12 385 адам дарыланып жатат. Алардын эң көбү Бишкекте - 5 729 адам.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 кыргызстандыкка жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости