www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондун соту Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковго 300 миң сом айыппул салып, башка жакка кетпөө тууралуу тилкат алып, сот залынан бошотту. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечими 10-июлда чыккан. Маалыматка караганда бөгөт чара өкүм күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат. Өкүм отуз күндө күчүнө кирет.

Соттун сайтка жарыяланган маалыматына караганда Сопоков коюлган күнөөнү мойнуна алып, анын негизинде мамлекеттик айыптоочу менен 2020-жылдын июнь айында келишим түзгөн. Эки тараптуу келишимдин негизинде Биринчи май райондук соту Сопоковду үч эпизод боюнча күнөөлүү деп таап, жазаны соттук териштирүү жүргүзбөй туруп чектеген.

Райондук сот тараткан маалыматта "Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 10-июлундагы окумуно ылайык, С.Э.М. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү, 320-беренесинин 2-бөлүгү, 320-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылды" деп белгиленген.

Эркин Сопоковго Башкы прокуратура, УКМК Кылмыш кодексининин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелеринин негизинде үч эпизод боюнча кылмыш ишин козгогон.

Сопоков 2019-жылдын 28-ноябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ошондон бери ал УКМКнын тергөө абагында болчу.

Сопоков Айеркен Саймаити Стамбулда 10-ноябрда өлтүрүлгөндөн кийин ишинен бошотулуп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Буга Саймаити өлгөн жерде Сопоковго таандык дипломаттык номерлүү «Range Rover» автоунаасынын табылганы себеп болгон.

Сопоков консул кезинде дипломаттык номер тагылган өзүнө таандык «Range Rover» үлгүсүндөгү автоунаасын Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана башкаларга мыйзамсыз берген, мыйзамсыз жол менен 200 миң доллар тапкан, 47 миллион сомго кыймылсыз мүлк алган, жубайы Стамбулда жашабаганына карабай бюджеттен 30 пайыздык төлөмдү, медициналык жана башка чыгымдарга 31 миң доллардан ашык каражатты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталып жатканы кабарланган.

Мурда Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини былтыр 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости