www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-апрелге караган түнү Орусиянын Екатеринбург шаарында теракт даярдоого шектелген үч киши өлтүрүлдү. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги өлкөнүн Терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук комитетинин билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Екатеринбургдун Чкалов районунда Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) өкүлдөрү жүргүзгөн операцияда терроризмге шектелген үч киши өлтүрүлүп, курал-жарактар жана колго жасалган жардыруучу заттар алынган.

Шектүүлөр шаардын кире беришиндеги ээн калган бакчалуу үйдө турушкан. Колго түшүрүү маалында алар атайын кызмат өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, оор жаракаттарынан улам мерт болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости