www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Сайсий процесстерди дүнүйөдө жүрүп жаткан процесстерге аралаштырбаш керек”,-деп депутат Талант Мамытов бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында коллегаларына кайрылды.
“Мен ачык Атамбаевдин тарабын талашып жаткандарга айтып коет элем. Атамбаевдин өз учурунда кылган иштерин өз жазасын алып жатат. Ага учурдагы коронавирусту бийликке же биликтеги бир адамдарга шылтаганды токтоткула. Бул бир эле Кыргызстанда эмес дүнүйө жүзүндө болуп жатат. Анда айткыла бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө болуп жаткан коронавируска бийлик күнөөлүү деп. Ирина Юревна бардык нерсени бийликке сүртө салуу сиздей болгон саясатчыларга аброй алып келбейт”-деди депутат Талант Мамытов.
Карамушкина ортодогу процедуралык микрофондон чыга калып, кесиптештерине “кандай сүйлөйм өзүм билем, мен дагы силердей болуп шайлоочулардын атынан сүйлөп жатам” деп жооп берип жатканда, төрага Дастанбек Жумабеков бул процедуралык маселе эмес деп микрофонду өчүртүп койду.
Депутат Талант Мамытов өз кезегинде “Кой-Таш окуясын” сөз кылып, өзгөчө оор кылмыштардын катышуучулары Жогорку кеңеште отуруп алып, акыл үрөтүп жатканын айтты. Ошондой эле, ал Карамушкинага ушундай учурда абалды мындан ары да курчутпоого жана биримдикке чакырды.
Буга чейин депутат Ирина Карамушкина "12-13-мартта Сауд Арабиядан келгендердин арасында депутаттар болгонбу?" деп сураган. Анда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов мындай маалыматы жок экенин билдирген.
Депутат Алтынбек Сулайманов декабрь айынын аягында умрага барганын айтып, суроо болсо бергиле деди. Депутат Төрөбай Зулпукаров болсо, диндерди бири-бирине карама-каршылыкка чакырган нерселер болуп жатканын айтып чыкты.
Ошондой эле, депутат Өмүрбек Бакиров “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча жооп бериш керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg