www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкеринин аялынын үстүнөн кылмыш иши козголду. Ал социалдык тармакта адамдардын жеке маалыматын тараткандыкта айыпталууда.

Милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков аталган фактыны NazarNews маалымат агенттигине тастыктап, ал иш коронавируска чалдыккан жарандар боюнча экенин билдирди.

«Айрым бейтаптар тууралуу маалыматтарды таркаткандыгы боюнча учурда кызматкердин аялынын үстүнөн Ош ШИИБнин тергөө кызматы иш алып барууда»,- деди Замир Сыдыков.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, милиция кызматкери жашыруун материалды алып, аялына көрсөткөн. Жыйынтыгында ал социалдык тармактар аркылуу жакындарына таркатып жиберген.

Учурда бул факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине жеке адамдын купуялыгын бузуу боюнча катталып тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости