www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир үйдүн эркелеп чоңойгон, көзгө басар кызы элем. Көзгө басар дегеним: апам мени төрөгөндөн кийин ден соолугунан ажырап төрөттөн калыптыр. Атам туугандарынын “төшөк жаңырт, артыңда уул калсын” деген кебине кулак түрбөй апам менен ынтымактуу жашап келишти.

Ошентип үйдөгүлөрдүн ишенгени да, таянганы да мен. Тамактын даамдуусун, кийимдин ырыстуусун белендеп чоңойтушту. Бой жетип орто мектепти бүткөн жылы шаарга барып чоң окуу жайга тапшырам десем атам кашынан карыш жылдыргысы келбей ал жылы айылда калдым. Өзүм деле көшөрүп окуйм деп жулунбадым, анын себеби башкада болчу. Медет экөөбүз беш жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келгенбиз. Атүгүл “түбөлүккө бирге болобуз” деген шертибиз да бар эле. Ошентип “дагы бир аз иштейин, кеч күздө барам, анан үйлөнөбүз” деген Медерди күтүп үй иштерине алаксып жүрө бердим. 

Кийинки учурларда эки айыл ыраак жашаган таажездебиз менен аялы үйгө каттап калды. Алар келгенде апам дасторконду дүйүм тамакка толтуруп, берерге ашын таппай айланчыктап калчу. Анда-санда бир сүйлөгөн атам да бул кишилер келгенде бакылдап сөзү түгөнбөйт. Мага жалынып-жалбарып жылуу мамиле кылганын туугандыкка гана болжоп тим болчумун. Таажезделер үчүнчү ирет келип кеткенден кийин атам менен апам мени маңдайына отургузуп алып алыстан сөз баштады:

- Кызым, бул Жээнбай жезде менен туугандык мамилебизди билесиң. Аялы апаңдын эжеси болот. Бардар жашаган, экөөнүн тең пейили кенен жакшы кишилер. Мамилебизди бекемдеп, сөөк жаңырталы деп макулдаштык. Кыздын барар жери күйөө, жарыгым. Батабыз өтүп, сөзүбүздү бекемдеп койдук, -деди. Атамдын бул сөзүнө чок баскандай секирип каршы турдум:

– Ата, мени ушундан көрө окутсаңар болмок! Анүстүнө менин жигитим бар. Шаардан келсе сиздин алдыңыздан өтөт. Мен тааныбаган жерге кантип барам? Ал жигитти өмүрү көрбөсөм...-деп баштаган кебимди атам чорт үздү:

- Саялынын баласын айтып аткан болсоң аныңды кулагыма угузба! Эзели ырыстуу оокатка жетпеген жону жука бүлөгө сени ыраа көрбөйм. Мени атам десең, сөзүмдү эки кылбайсың!- деп кагына туруп жөнөдү. Атамдын сүрүнөн коркуп, апамдын көз жашын аяп тим болдум. Мени бир балээни баштабасын дештиби, тез аранын ичинде “сүйлөшүп жүрүшкөн” кылып ала качтырышты.

Сөздөрү бекемделип калгандан кийин каршылык кылганым менен айлам канча? Көз жашымды төгүп көшөгөдө бүрүшүп отуруп калдым. Келин көрүп, түлөөгө келген элдин саны бир жумалап тыйылган жок. Күйөөм сегиз бир тууган экен. Эки кайнежем турмуш куруп кетишиптир. Калган үч кайним, эки кайынсиңдим менен бир үйдө түтүн булатып калдык. Атам айткандай эле кайнатам малы тескери жайылган бай адам экен. Ошого жараша түйшүгү да көп. Балдары менен эртеден-кечке жаны тынбай мал тейлесе, үйгө да келип-кеткен киши көп болуп бизде деле тыным жок. Мындай түйшүктү, оокатты кылып көрбөгөн жаным бат эле жүдөй түштүм. Медетке болгон кусалыгым, атамдарга болгон таарынычым ичимен тынчтык бербей түнөргөн кабагым ачылбайт. Күйөөмө жасаган суз мамилем кайра өзүмө муш болуп кайта баштады. Башында көзүмдү карап аткан, кийин “таштай муздаксың, үтүрөйбөй кабагыңды ач” деп жемелей баштады. Ансайын анын баскан-турганы, сүйлөгөнү, ар бир кыймылы көзүмө суук көрүнөт. Мунун ордуна Медет болгондо жашообуз башкача болоруна бөркүмдөй ишенер элем. Баш кошконубузга жарым жыл болбой урушканыбыз күн сайын күчөй берди.

Ал кыйкырып урушуп, мен “сен ала качпаганда жигитим менен бактылуу болмокмун” деп көз жашымды төгөм. Ансайын күйөөмдүн итатайы тутулуп акыры кол көтөргөнгө өттү. Урушубуз менен үйдү үч көтөрүп ата-энесин да беймазага салдык. Башында ортобузга арачы түшүп уулун тыйганы менен бара-бара алар деле тажашты өңдөнөт. Акыркы ирет күйөөм менен урушканда “кетемден” башканы айтпай ыйлай бердим. “Үйүңө барып бир аз эс алып кел” деп ата-энемди чакырып, аларга кошуп беришти.

***

Абалым үйгө келгенде деле жеңилдеп кеткен жок. Бирок ушуну менен кайнатамдын короосуна бут баспайм деп чечтим. “Жакшынакай үй-бүлөңдү бузба” деп дарегиме далай ачуу сөздөрдү жаадырган атамды бул жолу укпай койдум. “Өзүңөр кылдыңар! Жайыма койсоңор өз жигитим менен бактылуу болмокмун” деп мен да долуландым. Ошентип ыркыбыз кетип, аны менен кошо үйүбүздүн куту качкандай болду да калды. Менден айрылган күйүтүнө чыдабай Медет ичкиликке берилип баратканда ата-энеси эки жактан кыз караштырып үйлөндүрүп койгонун мурун эле уккан элем. Андыктан андан ошондо эле үмүтүм үзүлгөн. Бир жолу дүкөндөн Медеттин өзүнө кезигип калдым.

Уят дегенди жыйыштырып аны кандай сагынганымды, ансыз жашоо жок экенин, бүлө болуп барган жерим тирүүнүн тозогу экенин айтып түгөтө албай аттым. Ал да мен сагынгандай сагынып, аялына көнүп жашай албай кыйналып турган кези экен. Ушул жолугушуудан кийин экөөбүздүн сүйүүбүз кайра жандангандай болду. Элдин суук сөзүн да капарыбызга албадык. Медет аялы экөөбүздүн ортобузда жарым жылдай чайналып жүрүп акыры мени тандады. Бирок бул мөөрөй бизге оңой менен келген жок. Үйлөнөрүбүздү укканда ата-энем дагы бир ирет каарын төктү. Анын апасы үйгө келип ызы-чуу чыгарып, “өз турмушуңду талкалаганың аз келгенсип уулумдун үй-бүлөсүн ураттың” деп көз жашын төгүп урушуп кетти. Экөөбүздүн көшөрүп ниетибизден кайра артка кайтпашыбызды түшүнүштү окшойт, акыры тим болушту. Бирок Медет аялын эмне деп кетиргенин, экөө кандай шартта ажырашканын билбеген бойдон калдым. Бир билгеним, ошол учурда аялы кош бойлуу болчу.

Турмуштун агымына каршы туруп курган жашообуз жакшы эле башталды. Атам мага катуу таарынып экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Апам анда-санда тамак-ашын, кийим-кечесин көтөрүп атама көрүнбөй келип атты. Медет үйүндөгүлөрү менен чогуу турганда жашообуз тынч болбосун билип өз алдыбызча оокат кылалы деди. Анын сунушуна албетте макул болдум. Ошентип айылдын этегиндеги бирөөнүн эки бөлмөлүү чакан үйүндө туруп калдык. Күйөөм ширетүүчү болгондуктан айылдан чыккан майда жумуштарды кармап тыйын таап келет. Мен үйдөгү жумуштар менен алек болуп, көп өтпөй кош бойлуу болуп отуруп калдым. Менин кубанычымда чек жок эле. Бала кезимен сүйгөн күйөөмө жан-дилимди арнап жашап аттым. Ал да айтканымды эки кылбай, эркелетип оюм менен болуп атты. Экөөбүздүн ынтымактуу турмушубуз, менин кош бойлуулугум ата-энелерибиздин дилин жумшарткандай болду. Кыздуу болгонубузда эки жакты бириктирип чакан тойчук өткөрдүк. Ошентип Медет экөөбүздүн буга чейинки турмушубуз унутта калгандай болду.

Кызымдын артынан эки жылдан кийин уулдуу болдук. Жашообуз мурдакыдан көңүлдүү болуп бактыбызда чек жок эле. Күйөөм эртеден кечке жумушта. Тапкан-ташыганын оозубузга кармап турат. Мен үй-жайды, балдарды карап үйдө отуруп калдым.

Мындан аркы жашоомду башыма түшкөн чоң кырсык десемби?

Кудайдын берген жазасы десем жарашабы?.. Эки баламан бирдей айрылган ал күн жүрөгүмдө кетпес кара так болуп өмүр бою калып калды го. Үйүбүз айылдын башында болчу. Эки-жагыбызда бирин-серин үйлөр болгону болбосо ээн, жер тилкелерибиз кенен эле. Маңдайыбызда чоң канал боло турган. Ага атайлап суу жыгып келбесе же жайында ташкындап өзү толбосо калган убакта кагырап кургап турчу. Күн жылып турган. Кызым ал кезде беште болсо, уулум үчтөн өтүп калган кези. Мен жаңы тууган уйду сугарам деп сыртка чыккам. Кошо ээрчиген балдар ойноп каналдын жээгинде калышкан. Башка учурда деле кошуна балдарга кошулуп каналдын ичине түшүп кум менен ойноп калышчу. Уйду сугарып бүтүп, ага чөп салып чай кайнамдай убакытка алаксып калыпмын. Короодон чыкканда канал тараптан шаркыраган суунун үнүн уктум. Кыйкырып балдарымды чакырып аттым. Дайыны жок. Аңгыча менин үнүмө кошуналар чыгып эч нерсе түшүнбөй нес болуп калышты. “Балдарым сууга акты! Жардамга-аа!” деп жер-сууну бузуп өкүрүп ыйлап аттым. Кошунанын эки баласы каналды бойлоп айылды көздөй чуркашты. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, көзүмдү ачсам колумду кармап маңдайымда апам отуруптур. Кудайдын куттуу күнү кагжырап турган каналга ошол күнү суу келгенин карасаң! Шар аккан суу эки баламды бирдей агызыптыр. Айылдын этегиндеги ичке түтүккө кептелип калган жеринен кишилер балдарымдын сөөгүн сууруп алып чыгышкан экен. “Менин бейкүнөө балапандарым. Апаңарды сыздатып таштап кеттиңерби? Мени кууратпай каргашалуу суу кошо агызса эмне?” Жанымда отургандарга ээ бербей өксүп ыйлап, үнүм Кудайга жетип атты...

Ошентип бир заматта эки баламды бирдей жерге берип бозоруп отуруп калдым. Кайын журтум бул кырсыкка мени күнөөлөштү. “Кара жолтой, жолуң катуу катын болдуң” деди кайненем сөөгүмдү сыздатып. Ансыз да ооруп турган жүрөгүмдү күйөөмдүн суз мамилеси жаралады. Эки күндүн биринде мас болуп, күйүтүнө чыдабай баарыбыздан четтеп кетти. Мени кыйбаган, үстүмө үйрүлүп түшкөн баягы эле апам. “Куураган кызым ай, шоруң калың экен го? Маңдайына жазган жазмыштан ким качып кутулуптур? Бизди да кууратпай өзүңдү колго алсаң боло?” деп көзү жашылданып маңдайыман чыкпайт. Кырсыктан кийин өзүмдү таштап салдым. Ыйдан, күйүттөн көп оору таптым.

Күйөөм менен да мамилем бузулду. Баягы базар болгон үйүбүз мазарга айланды. Балдарымдын каткырыгы, күлкүсү толгон үй көз жашка, уруш-талашка толду. Мындан ары жашоо болбосун түшүнүп төркүнүмө баса бердим. Бул айылда жүрө берсем башыман өткөн оор күндөр көз алдыма тартыла берерин билип шаарга кетмей болдум. Ата-энеме “иштейм, сарсанаа болбогула, келип турам” деп үйдөн чыгып кеттим. Шаарга келгенде алган билимим жок болуп жумуш табуу оңойго турбады. Тишимдин кирин соруп жүрүп бир жерге пол жууганы орноштум. Алган айлыгым батирдин акчасынан артпай жүдөдүм. Кийин тааныштардын жардамы менен “Дордой” базарына чай сатканы орноштум. Эртеден кечке шамалда сыз өткөн контейнерлерди аралап чай сатам. Кечинде батириме келип эле жыгылам. Эртеси кайра эле көнгөн жашоого бет алам.

Ошентип арадан 6 жыл өткөрдүм. Ата-энеме жылына эки ирет барам да кайра кеткиче шашам. Узагыраак турсам жарам кайра кыйнагансыйт. Элден укканыма караганда Медет биринчи алган аялы менен элдешиптир. Ата-эне кыздын алдына түшүп араң алып келишиптир деп уктум. Кош бойлуу кеткен келини уулун ээрчитип келиптир. Бул жаңылык жүрөгүмдү тепчип өткөнү менен сүйгөнүмдүн турмушу бир жаңсыл болгонуна санаам тынып калды.

Тыбыт жоолукту баса салынып, эки кабат куртка кийип контейнерлерди аралап чай-чамегим салынган арабаны түртүп баратсам жеңимен бирөө тартат. Карасам баягы биринчи күйөөм. Уялганыман кирейин десем жер катуу, же колумду булкуп басып кете албай туруп калдым. “Ушуну көрмөк белең” дегендей табалаган көз карашын күткөм. Балким ичинен ошенткендир, бирок мага сыр берген жок. Сүйлөшүп отурдук. Анын алдында кебетемен корунуп турдум. Көз жашыма ээ боло албай андан кеткенден кийинки турмушум кандай болгонун бүт төкпөй-чачпай айтып бердим. Унчукпай укту. Мени аядыбы же мага сезими өчкөн эмеспи, сөз арасында “кел, кайра башынан баштайбыз” деген сунуш айтты. Менден кийин үйлөнүп, анысы менен ажырашып кеткен экен.

Бул сунуш мени нес кылып турган кез. Бир убакта сүйгөнүм бар деп чанып кеткен киши менен кайра кантип жашайм? Же ушу бойдон шорумду жалгыз тартып эле өтсөмбү? Бирок кайрадан бала жытын жыттагым келет. Качанкыга чейин чай сатып темселеп жүрө берем? Мага туура жол көрсөтүп, кеңеш бериңизчи,окурман?

Булак: "Леди кж"

Последние новости